Кыргызстандагы 3 шаарда жана 3 райондо өзгөчө абал режими киргизилет

Кыргызстандагы 3 шаарда жана 3 райондо өзгөчө абал режими киргизилет

Баракелде -  Бүгүн, 24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Бул маалыматты өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.  

Өлкө башчы дүйнөдөгү жана өлкөдөгү эпидемиологиялык татаал кырдаалга байланыштуу Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын, Оштогу Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абаддагы Сузак районунун аймагына өзгөчө кырдаалдар абалын киргизүү чечими кабыл алынганын айтты. Тиешелүү жарлык Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. 

Өзгөчө абал 25-мартта саат 08:00дө башталып, 15-апрелде саат 08:00гө чейин созулат. 

Президент Сооронбай Жээнбеков санитардык-карантиндик посттордо азык-түлүк жана башка коомдук керектөөчү товарлар жүктөлгөн унааларга көңүл буруу маанилүү экенин белгиледи.

Булак: barakelde.org