Айдоочуга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- мас абалда (алкоголго, баңги затка жана башкага мас болгондо), ой-жүгүртүүнү жана көңүл бурууну начарлаткан дары-дармектердин таасири астында, ооруксунган же чарчаган абалда транспорт каражатын башкарууга, булар кыймылдын коопсуздугуна коркунуч келтирет;
- Ушул Эрежелердин 21-бөлүмүнө ылайык айдоону үйрөнгөндөн башка учурларда, транспорт каражатын башкарууну мас абалдагы, дары препараттарынын таасири астындагы, ооруксунган же чарчаган абалдагы адамдарга, ошондой эле жанында транспорт каражатын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүгү же санарип документи болбогон адамдарга берүүгө;
- уюшулган (анын ичинде жөө) колоннаны кесип өтүүгө жана анын арасынан орун алууга.
Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүнүн атайын автомобилдери коштобостон уюшулбаган колонна менен авариялык жарык сигналдарын, тышкы жарык приборлорун, ошондой эле ушул Эрежелерде каралбаган кошумча жарыктандыруу сигналдарын күйгүзүп, үн сигналдарын иштетип алып жүрүүгө;
өзүнүн тиешеси бар жол-транспорт кырсыгынан кийин, же транспорт каражат милиция кызматкеринин талабы боюнча токтотулгандан кийин мастыгын аныктоо үчүн текшерүү же андай текшерүүдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин алкоголь ичимдиктерди, наркотик же психотроптук каражаттарды колдонууга;
транспорт каражатын эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, ал эми эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууда - Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген эмгек жана эс алуу режимин бузуу менен башкарууга;
жүрүп бараткан убакта колго кармабастан сүйлөшүүгө мүмкүндүк берчү техникалык түзүлүш менен жабдылбаган телефонду пайдаланууга;
токтоп турган транспорт каражатта жолдун жүрүүчү тарабындагы каалганы ачык калтырууга.
коркунучтуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин же жүргүнчүлөрдү акы үчүн же жалдоо боюнча ташууну жүзөгө ашырууда ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдында жарандык жоопкерчилигин, ал эми эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууда - Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полиси жанында болбогон адамдын транспорт каражатын пайдаланууга;
коомдук тартипти атайын жана көз көрүнөө бузуу, транспорт каражаттарынын (автомобилдер, мотоциклдер, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмө жүрүүлөр ж.б.) катышуусу менен белгиленген тартипте макулдашылбаган мелдештерди уюштуруу жана катышуу, кыймыл үчүн коркунуч түзүп жүрүүлөр, ошондой эле бештен ашык транспорт каражаттарынын үйлөнүү үлпөт колоннасындагы транспорт каражаттарынын кыймылы.
Эскертүү. Өкмөттүк кортеждин же делегациянын курамында бештен ашык транспорт каражатынын колоннасында; жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автомашинасынын коштоосундагы колоннада; сөөк коюу процессиясында; жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты берилген колоннада жүрүүгө уруксат берилет.