Транспорт каражатын төмөнкүлөргө сунуш кылууга:
- кырсыкка учураганда бузулган транспорт каражаттарын ташуу, жаратылыш кырсыгы болгон жерге жетүү үчүн ички иштер органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле колдонулуп жаткан мыйзамдарда каралган кечиктирүүгө болбогон башка учурларда ички иштер органдарынын, мамлекеттик коопсуздук органдарынын, кызматкерлерине;
- медициналык жардам көрсөтүү үчүн удаалаш багытта бараткан медициналык кызматкерлерге, ошондой эле шашылыш медициналык жардамга муктаж граждандарды дарылоо мекемелерине жеткирүү үчүн медициналык кызматкерлерге, ички иштер органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине
Эскертүү:
1. Транспорт каражаттарын токтотуу талабы Эрежелердин 6.11 пунктунда каралган.
2. Мамлекеттик коопсуздуктун кызматкерлерине транспорт каражатын сунуш кылуу жөнүндө талаптар граждандарга таандык транспорт каражаттарына жайылтылбайт.
3. Транспорт каражатын пайдаланган адамдар айдоочунун талабы боюнча справка берүүгө же жол барагына жазууга (анда жол жүрүү убактысын, басып өткөн жолдун аралыгын, өз фамилиясын, кызматын, кызматтык күбөлүгүнүн номерин, өзүнүн уюмунун аталышы көрсөтөт), ал эми медициналык кызматкер Белгиленген үлгүдөгү талонду берүүгө тийиш.
4. Транспорт каражатын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине сунуш кылуу менен байланышкан чыгымдарды транспорт каражатынын айдоочусунун талабы боюнча бул органдар белгиленген тартипте ордун толтурат.