Жөө адамдар тротуар же жөө басуучу жолдор, веложөө жүрүүчү жолдор менен, ал эми булар жок болгон учурда жолдун чети менен басууга тийиш. Көлөмдүү буюмдарды ташып же көтөрүп бараткан жөө адамдар, ошондой эле майыптар коляскасында бараткан адамдар, эгерде алардын тротуар же жолдун чети боюнча кыймылы башка жөө адамдар үчүн тоскоолдук жаратса, анда алар жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой жүрө алат.
Тротуарлар, жөө басуучу жолдор, веложөө жүрүүчү жолдору же жол чети жок болсо, ошондой эле алар менен жүрүүгө мүмкүн болбосо, анда жөө адамдар велосипед жолдору боюнча же жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой (ажыратуучу тилкеси бар жолдордо - жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн тышкы чети боюнча) бир катар баса алат. Мындай учурда велосипед жолдору менен баратканда, ошондой эле мындай жолдорду кесип өткөндө жөө адамдар велосипедчендерге жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдарга жол берүүгө тийиш.
Жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой баратканда жөө адамдар транспорт каражаттарынын кыймылына утурлап басууга тийиш. Майыптар коляскасында бараткандар, мотоцикл, мопед айдап, велосипед тээп, жекече мобилдүүлүк каражаты менен бараткандар, мындай учурда транспорт каражаттарынын кыймылынын жүрүшү боюнча жылууга тийиш.
Сутканын караңгы мезгилинде же көрүү чектелген шарттарда жөө адамдарга жолду кесип өтүүдө жана жолдун чети же жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой басууда сунуш кылынат, ал эми калктуу конуштардан тышкары жерлерде жөө адамдар жарыкты чагылдыруучу элементтери бар предметтерди алып жүрүүгө жана транспорт каражаттарынын айдоочуларынын бул предметтерди көрүүсүн камсыз кылууга милдеттүү.