Транспорт каражатын токтотууга жана эгерде артыкчылыктуу тартипте "Түндүк" мобилдик тиркемесинин жардамы менен документтерди санариптик форматта бөлүшүү мүмкүнчүлүгү жок болгон шартта, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин талабы боюнча аларга текшерүү үчүн төмөнкүлөрдү берүүгө:
- айдоочулук күбөлүктү;
- транспорт каражатынын каттоо документтерин;
- мыйзамдарда белгиленген учурларда жолдомо барагын жана ташып бараткан жүккө документтерди;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 165 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруу полиси), кооптуу жүктү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн) же ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин, ал эми эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге ылайык ташуучунун жоопкерчилигин камсыздандыруу боюнча тиешелүү документти;
- дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана аларга теңдештирилген Кыргыз Республикасында аккредитацияланган өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин бузган учурда тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген аккредитациялык карточканы.
Колдонуудагы мыйзамдарда түздөн-түз каралган учурларда автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо жана (же) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу эрежелеринде каралган лицензияларды жана документтерди (анын ичинде электрондук түрдө) алууга жана текшерүү үчүн берүүгө.