2024-жылы мас абалында айдоочулардын жазасы

2024-жылы мас абалында айдоочулардын жазасы
Автор: JOLDO.kg    icon 5201


2023-жылдын 8-мартынан тарта Кыргызстандын айдоочуларынын жашоосун олуттуу түрдө өзгөртө турган жаңы кодекстер күчүнө кирди. (КР УБК - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси)



Мас абалында айдоо

Эми мас абалында унаа айдаган айдоочуларга айып пул салынбайт. Алар жазага тартылат: бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылат.

КР УБК 193-берене 1 б.

Алкоголь, баңгизат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу,

- транспорт каражатын башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.



Мас абалында айдоочулук күбөлүгү жок

КР УБК 193-берене 1-1 б.

Алкоголь, баңгизат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас абалындагы кандай болбосун транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамдын транспорт каражатын башкаруусу,

- үч суткага камакка алууга алып келет.



Экспертизадан баш тартуу

КР УБК 193-берене 2 б.

Транспорт каражатын башкаруучу айдоочунун белгиленген тартипке ылайык мас абалын күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартуусу

- үч суткага камакка алууга алып келет.

Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жосун кандай болбосун транспорт каражатын башкарууга укугу жок адам тарабынан жасалса, - беш суткага камакка алууга алып келет.



Рулду мас адамга өткөрүп берүү

КР УБК 193-берене 3 б.

Алкоголдук, баңгизаттык же кандай болбосун башкача мас абалындагы адамдын, же болбосо бул каражатты башкарууга укугу жок адамдын автомототранспорт каражатын башкаруусуна мындай транспорт каражатын эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдын жол берүүсү, буга тете автомототранспорт каражатынын айдоочусунун, же болбосо ээсинин мас абалындагы адамдын башкаруусуна берүүсү,

- жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.



Кырсыкка мас адам күнөөлүү

КР УБК 193-берене 4 б.

Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш-жаза жосунунун белгилери жок болсо, адамга материалдык зыян же болбосо анын ден соолугуна этиятсыздыктан залал алып келген, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун, 

- транспорт каражатын башкаруу укугунан үч жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.



Кайра мас айдап

КР УБК 193-берене 5 б.

Ушул берененин 1 же 4-бөлүктөрүндө каралган жосундар жаза мөөнөтү өткөндөн кийин кайталанып жасалса,

- укук бузуунун каражаты болуп саналган транспорт каражатын убактылуу алып коюу менен транспорт каражаттарын башкаруу укугунан үч жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.


Эскертүү. Белгиленген тартипке ылайык мас абалды күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тарткан транспорт каражатын башкаруучу адамдын мас абалы аныкталган учурда, ушул берененин 1-бөлүгү боюнча да жоопкерчилик тартат.



Таблица

Тэги:

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign