Айыптын өлчөмдөрү 2025

Керектүү макаланы табуу үчүн издөө функциясын колдонуңуз

1-бөлүк

Жолду, көчөнү, темир жол өткөөлүн же башка жол курулмаларын же болбосо жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарын бузуу.

Жеке жактар
5 500 сом
Юридикалык жактар
17 000 сом
2-бөлүк

Көчөнүн же жолдун өтүүчү бөлүгүн булгоонун алдын алууга карата чараларды көрбөө, жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү оңдоо-курулуш иштеринин натыйжасында бузулган жолдун же көчөнүн элементтерин калыбына келтирүү эрежелерин бузуу жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирсе.

Жеке жактар
7 500 сом
Юридикалык жактар
23 000 сом

1-бөлүк

Калктуу конуштардагы жолдордо жумуштарды жүргүзүү, жолдорду, темир жол өткөөлдөрүн жана жол курулмаларын күтүү боюнча талаптарды, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелеринде белгиленген башка талаптарды аткарбоо.

Жеке жактар
7 500 сом
Юридикалык жактар
23 000 сом
2-бөлүк

Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жабыр тарткан жактын саламаттыгына жеңил зыян келтирүү, транспорт каражатын, жүктөрдү, жолдорду, жолдогу жана башка курулмаларды же башка мүлктү бузуу менен жол-транспорт кырсыгына алып келген аракет.

Жеке жактар
12 500 сом
Юридикалык жактар
35 000 сом
3-бөлүк

Жолдордо жана башка жол курулмаларында уруксат документтери жок оңдоо-өндүрүш иштерин жүргүзүү.

Жеке жактар
12 500 сом
Юридикалык жактар
35 000 сом

1-бөлүк

Тиешелүү органдар менен макулдашпастан жол жээгиндеги тилкелерде, соода түйүндөрүн, тамактануу пункттарын, сервистерди куруу жана уюштуруу же жарнама такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү орнотуу.

Жеке жактар
3 000 сом
Юридикалык жактар
13 000 сом
2-бөлүк

Автомагистралга бөлүнгөн тилкедеги участокту айдоо, тигилген бак-дарактарды кыюу жана зыянга учуратуу, транспорт каражаттарын көк чөптүү аянттарга жана жашылдандыруу үчүн арналган жерлерге токтотуу, чымдарды же кыртышты оюп алуу, чоң жолго кошулуучу жолдорду өзүм билемдик менен куруу же бөлүүчү тилкени бузуу, канализациялык, өнөр жайлык, мелиорациялык жана агынды сууларды суу бургуч курулмаларга жана резервдерге агызуу.

Жеке жактар
5 500 сом
Юридикалык жактар
17 000 сом
3-бөлүк

Автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкеде айыл чарба продукцияларын кургатуу, курулуш жана өнөр жай таштандыларын таштоо, ошондой эле курулуш жана башка материалдарды үйүп салуу.

Жеке жактар
12 500 сом
Юридикалык жактар
35 000 сом
4-бөлүк

Тиешелүү мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашпастан, автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкеде шлагбаум жана башка тосмолорду орнотуу, эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш-жаза жосундарынын белгилери жок болсо.

Жеке жактар
20 000 сом
Юридикалык жактар
55 000 сом

1-бөлүк

Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүүнүн эрежелерин бузуу, ага тете жолдун үстүңкү бетине суунун, техникалык суюктуктардын, буунун чыгышына жана ушул себептен улам жол бетинин бузулушуна, муздун пайда болушуна, көрүүнүн чектелишине жана башка тоскоолдуктарга алып келген жер астындагы коммуникациялардын бузуктарын оңдоо үчүн чараларды көрбөө.

Юридикалык жактар
23 000 сом
2-бөлүк

Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, адамдын саламаттыгына жеңил зыян келтирүү, транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана башка мүлктү бузуу менен жол-транспорт кырсыгына алып келген жосун.

Юридикалык жактар
35 000 сом

1-бөлүк

Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору, муниципалдык автомобил жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу).

Жеке жактар
17 500 сом
Юридикалык жактар
55 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
1-бөлүк

Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошто сунушталган ошол эле жосун жыл ичинде кайталанып жасалса.

Жеке жактар
20 000 сом
Юридикалык жактар
65 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
2-бөлүк

Жүк жөнөтүүчүнүн ташылуучу жүктүн транспорттук документтеринде жүктүн массасы же габариттери жөнүндө анык эмес маалыматтарды берүүсү.

Жеке жактар
3 000 сом
Юридикалык жактар
13 000 сом
3-бөлүк

Юридикалык жак тарабынан транспорт каражатына жүктү жүктөөдө жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору, муниципалдык автомобил жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдеринен ашыруу.

Юридикалык жактар
55 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
4-бөлүк

Эгерде транспорт каражаттарын кыймылына мындай чектөөлөр жол-климаттык шарттардан улам киргизилсе, автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарынын кыймылын убактылуу токтотуунун же чектөөнүн талаптарын сактабоо.

Жеке жактар
17 500 сом
Юридикалык жактар
55 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо

1-бөлүк

Эксплуатациялоого тыюу салынган, техникалык бузуктары бар транспорт каражаттарын башкаруу.

Жеке жактар
5 500 сом
70% (1 650 сом)
2-бөлүк

Ушул транспорт каражаты үчүн милдеттүү болгон техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражатын айдоо.

Жеке жактар
3 000 сом
70% (900 сом)
3-бөлүк

Транспорт каражатын каттоо тартибин бузуу.

Жеке жактар
1 000 сом
70% (300 сом)
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
4-бөлүк

Транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгилери же анын бирөөсү жок башкаруу, ага тете мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин (белгисин) идентификациялоого тоскоолдук жараткан же болбосо алардын түрүн өзгөртүүгө же жашырууга мүмкүндүк берген түзүлүштөрдү жана материалдарды колдонуу менен мамлекеттик каттоонун номердик белгилери бар транспорт каражатын башкаруу.

Жеке жактар
10 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо. Бир календардык жылдын ичинде 3 жана андан көп жолу жасалса — ЖКЭ боюнча кайрадан квалификациялык экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.
5-бөлүк

Номердик белгини жайгаштыруу эрежелерин бузуу.

Жеке жактар
1 000 сом
70% (300 сом)
6-бөлүк

Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу.

Жеке жактар
1 000 сом
70% (300 сом)
7-бөлүк

Ыйгарым укуктуу адамдын пайдаланууга тыюу салынган техникалык бузугу бар же милдеттүү техникалык кароодон өтпөгөн, же болбосо белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражатынын жол кыймылына катышуусуна жол берүүсү.

Юридикалык жактар
28 000 сом
70% (8 400 сом)

1-бөлүк

Диагностикалык борборлордун техникалык кароо жүргүзүүдө өздөрүнүн функцияларын талаптагыдай аткарбашы, техникалык регламенттердин талаптарын сактабашы жана укукка каршы аракеттерди (аракетсиздиктерди) жасашы.

Юридикалык жактар
20 000 сом
70% (6 000 сом)
2-бөлүк

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү маалымкаты жок, жол-транспорт кырсыгына мүнөздүү бузугу бар автомототранспорт каражаттарын оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү.

Жеке жактар
5 000 сом
70% (1 500 сом)
Юридикалык жактар
10 000 сом
70% (3 000 сом)

1-бөлүк

Айдоочунун транспорт каражатын транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүгү жок же болбосо тиешелүү категориясыз же транспорт каражатын каттоочу документи, же болбосо жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы жок башкаруусу.

Жеке жактар
1 000 сом
70% (300 сом)
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
2-бөлүк

Жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражатынын ээсинин транспорт каражатын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну тастыктаган, мыйзамдарда каралган документи жок башкаруусу.

Жеке жактар
3 000 сом
70% (900 сом)
Юридикалык жактар
13 000 сом
70% (3 900 сом)
3-бөлүк

Кандай болбосун транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамдын, ага тете укугу убактылуу токтотулган адамдын транспорт каражатын башкаруусу, же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга мындай транспорт каражатын башкарууга берүүсү.

Жеке жактар
15 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
4-бөлүк

Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан мурда ажыратылган адамдын транспорт каражатын башкаруусу.

Жеке жактар
20 000 сом
70% (6 000 сом)
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо

Эскертүү

Ушул берененин жоболору мыйзамдарда белгиленген тартипте транспорт каражатын айдоо боюнча окутуучу курстардан өтүп жаткан адамдарга карата колдонулбайт.

1-бөлүк

Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбоосу.

Жеке жактар
5 500 сом
Бир календардык жылдын ичинде 3 жана андан көп жолу жасалса — ЖКЭ боюнча кайрадан квалификациялык экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.

1-бөлүк

Транспорт каражатынын айдоочусунун жараксыз транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүктү көрсөтүүсү жана бул фактынын андан кийин да белгиленүүсү.

Жеке жактар
10 000 сом
70% (3 000 сом)
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
2-бөлүк

Транспорт каражатынын айдоочусунун транспорт каражатын каттоо (транспорт каражатын мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу) жөнүндө жараксыз күбөлүктү көрсөтүүсү.

Жеке жактар
5 000 сом
70% (1 500 сом)
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо

1-бөлүк

Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/сааттан көп, бирок 20 км/сааттан көп эмес ашуусу.

Жеке жактар
1 000 сом
70% (300 сом)
2-бөлүк

Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 20 км/сааттан көп, бирок 40 км/сааттан көп эмес ашуусу.

Жеке жактар
3 000 сом
70% (900 сом)
3-бөлүк

Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 40 км/сааттан көп, бирок 60 км/сааттан көп эмес ашуусу.

Жеке жактар
7 500 сом
Бир календардык жылдын ичинде 3 жана андан көп жолу жасалса — ЖКЭ боюнча кайрадан квалификациялык экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.
4-бөлүк

Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 60 км/сааттан көп ашуусу.

Жеке жактар
15 000 сом
Бир календардык жылдын ичинде 3 жана андан көп жолу жасалса — ЖКЭ боюнча кайрадан квалификациялык экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.

1-бөлүк

Жол кыймылынын төмөнкү эрежелерин бузуу:

  • Жол белгилеринин талаптарын, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен озуп өтүүнү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо).
  • Токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу.
  • Коопсуз аралыкты, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралдар боюнча жүрүү эрежелерин бузуу.
  • Светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелериинин талаптарын аткарбоо.
  • Каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу.
  • Тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо).
Жеке жактар
1 000 сом
70% (300 сом)
2-бөлүк

Жол кыймылынын төмөнкү эрежелерин бузуу:

  • Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеде токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу.
  • Айдоону үйрөтүү эрежелерин бузуу.
  • Жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрүнөн өтүү эрежелерин бузуу, жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрүндө жөө жүрүүчүгө артыкчылыктарды бербөө, жүктөрдү ташуу же болбосо транспорт каражаттарын сүйрөтүү эрежелерин бузуу.
  • Айдоочунун транспорт каражатында жүрүп баратканда колдун жардамысыз сүйлөшүүгө мүмкүндүк берүүчү техникалык түзүлүштөр менен жабдылбаган байланыш каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу (кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткарган учурдагы атайын транспорт каражаттарынын айдоочуларын кошпогондо).
  • Автомобиль жолдоруна айдоочулар, жүргүнчүлөр же жол кыймылынын башка катышуучулары тарабынан таштандыларды жана башка предметтерди ыргытуу (таштап салуу, үйүп салуу, өрттөө).
Жеке жактар
3 000 сом
70% (900 сом)
3-бөлүк

Жол кыймылынын төмөнкү эрежелерин бузуу:

  • Өткөөлдөрдөн өтүү же светофордун тыюу салуучу сигналында же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосунда өтүү эрежелерин бузуу, ага тете тротуар менен же болбосо жөө жүрүүчүнүн же велосипед жолунда жүрүү.
  • Жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарына артыкчылык бербөө, анын ичинде жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарынын токтоочу жерлеринен өтүү эрежелерин бузуу.
  • Кыймылдаткычтын иштетилген газдарын чыгаруучу тутумунун үнүнүн (күрүлдөшүнүн) деңгээлин күчөтүү үчүн кайра жабдуу, ага тете жабдууларды орнотуу.
Жеке жактар
5 500 сом
70% (1 650 сом)
4-бөлүк

Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербөө.

Жеке жактар
10 000 сом
70% (3 000 сом)
Бир календардык жылдын ичинде 3 жана андан көп жолу жасалса — ЖКЭ боюнча кайрадан квалификациялык экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.
5-бөлүк

Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу.

Жеке жактар
15 000 сом
70% (4 500 сом)
Бир календардык жылдын ичинде 3 жана андан көп жолу жасалса — ЖКЭ боюнча кайрадан квалификациялык экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.

Эскертүү

Жол кыймылынын катышуучулары жолдун кайсы жеринде турганына, ошондой эле светофордун сигналдарынын, жол белгилеринийн же болбосо жол чийиндеринин талаптарына карабастан жөнгө салуучунун сигналдарынын жана буйруктарынын талаптарына баш ийүүгө милдеттүү. Ыкчам жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары жаркылдоочу маяктарын күйгүзүп, кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ушул берененин талаптарын (жөнгө салуучунун сигналдарынан тышкары) аткарбашы мүмкүн. Алар кыймыл учурунда мындай артыкчылыкты өздөрүнө жол бошотулуп жаткандыгына ынанганда гана пайдалана алат.

1-бөлүк

Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракети.

Жеке жактар
15 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
2-бөлүк

Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жыл ичинде кайталанып жасалса.

Жеке жактар
20 000 сом
6 айлык мөөнөткө транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү менен айып токтотуучу жайга эвакуациялоо

1-бөлүк

Жөө жүрүүчүнүн, жүргүнчүнүн, велосипедди, жеке мобилдүүлүк каражатын, мопедди, арабаны башкарган жана мал айдаган адамдын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу.

Жеке жактар
1 000 сом
70% (300 сом)
2-бөлүк

Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын жол кыймылынын эрежелерин мас абалда бузуусу.

Жеке жактар
3 000 сом
70% (900 сом)

1-бөлүк

Ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерине же медициналык кызматкерге кечиктирилгис учурларда транспорт каражатын бербей коюу.

Жеке жактар
3 000 сом
70% (900 сом)

1-бөлүк

Ушул Кодексте каралгандарды кошпогондо, жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын жана транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча негизги жоболорду жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерин бузуу.

Жеке жактар
1 000 сом
70% (300 сом)
2-бөлүк

Транспорт каражатынын, жүктүн, автомобиль жолунун, көчөнүн, темир жол өткөөлүнүн, жол курулмасынын же башка мүлктүн бузулуусуна алып келген жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын жана транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча негизги жоболорду жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерин бузуу.

Жеке жактар
5 500 сом
70% (1 650 сом)
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо. Бир календардык жылдын ичинде 3 жана андан көп жолу жасалса — ЖКЭ боюнча кайрадан квалификациялык экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.
3-бөлүк

Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү, жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын жана транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бузуу.

Жеке жактар
10 000 сом
70% (3 000 сом)
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо. Бир календардык жылдын ичинде 3 жана андан көп жолу жасалса — ЖКЭ боюнча кайрадан квалификациялык экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.
4-бөлүк

Кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болгондо, жол транспорт кырсыгына катышуучу болуп саналган айдоочу кырсык болгон жерди жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын бузуу менен таштап кетсе.

Жеке жактар
20 000 сом
70% (6 000 сом)
6 айлык мөөнөткө транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу
5-бөлүк

Кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болгондо, кандай болбосун транспорт каражаттарын башкарууга укугу жок адам өзү катышуучусу болуп саналган жол транспорт кырсыгы болгон жерди таштап кетсе.

Жеке жактар
20 000 сом
70% (6 000 сом)
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
6-бөлүк

Автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражатынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин бузууларды (ашырууларын) фото жана видео фиксациялоо функциясы бар атайын техникалык каражаттар орнотулган жол участокторунда жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо.

Жеке жактар
20 000 сом
70% (6 000 сом)

Эскертүү

Жол транспорт кырсыгынын катышуучусу бул кырсык тууралуу кабарлоону милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык биргелешип түзүү укугун колдонгон шартта, жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылган адам ушул берене менен каралган, транспорт каражатынын бузулуусуна алып келген жолдо жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш эмес.

1-бөлүк

Акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу жайга (акы төлөөнүн жана убакытты эсепке алуунун автоматташтырылган системасы болгондо) транспорт каражатын жайгаштыруу (токтотуу) үчүн белгиленген акыны төлөөдөн качуу.

Жеке жактар
1 000 сом
70% (300 сом)
Юридикалык жактар
5 000 сом
70% (1 500 сом)

1-бөлүк

Алкоголдук, баңгизат каражаттарынын, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалда болушкан айдоочунун же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамдын автотранспорт каражатын башкаруусу.

Жеке жактар
80 000 сом
2 жылдык мөөнөткө транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү менен айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
2-бөлүк

Айдоочунун же транспорт каражатын башкарууга укугу жок, транспорт каражатын башкарган адамдын белгиленген тартипте мас абалын күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартуусу.

Жеке жактар
100 000 сом
3 жылдык мөөнөткө транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү менен айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
3-бөлүк

Автомототранспорт каражатын эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдын алкоголдук, баңгизаттык же кандай болбосун башкача мас абалдагы же болбосо бул каражатты башкарууга укугу жок адамды автомототранспорт каражатын башкарууга жол берүүсү, буга тете автомототранспорт каражатынын айдоочусунун же болбосо ээсинин мас абалдагы адамга аны башкарууга берүүсү.

Жеке жактар
20 000 сом
Юридикалык жактар
55 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
4-бөлүк

Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, этиятсыздыктан материалдык зыян же болбосо адамдын ден соолугуна залал келтирүүгө алып келген жосун, эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш жазага тартуучу жосундун белгилери жок болсо.

Жеке жактар
100 000 сом
3 жылдык мөөнөткө транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү менен айып токтотуучу жайга эвакуациялоо

1-бөлүк

Айдоочунун тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдуулар орнотулган транспорт каражатын башкаруусу.

Жеке жактар
5 500 сом
70% (1 650 сом)
Юридикалык жактар
17 000 сом
70% (5 100 сом)
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
2-бөлүк

Сыртына ыкчам кызматтардын транспорт каражаттарынын атайын түстүү графикалык схемалары мыйзамсыз түшүрүлгөн же атайын үн чыгаруучу же жарык берүүчү сигналдар орнотулган транспорт каражатын башкаруу.

Жеке жактар
5 500 сом
70% (1 650 сом)
Юридикалык жактар
17 000 сом
70% (5 100 сом)
Түшүрүлгөн атайын түстүү графикалык схемаларды, жазууларды, атайын үн чыгаруу жана жарык берүүчү жабдууларды жок кылуу, транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
3-бөлүк

Транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты жок айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктеринин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде колдо жасалган, өнөр жайда даярдалган, же болбосо аларга тартылган пардалары же айнектеринде чагылышкан күңүрттөтүүчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруусу.

Жеке жактар
20 000 сом
Юридикалык жактар
40 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо

Эскертүү

Бул ченем тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу атайын автоунааларга жайылтылбайт.

1-бөлүк

«Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо.

Жеке жактар
3 000 сом
Юридикалык жактар
13 000 сом
2-бөлүк

Айдоочунун кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин же автомобиль жолдору, көчөлөр же темир жол өткөөлдөрү аркылуу ири габариттүү же болбосо оор салмактуу транспорт каражаттарын жүрүү эрежелерин бузуусу.

Жеке жактар
17 500 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
3-бөлүк

Айдоочунун ири габариттүү жана оор салмактуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуусу.

Жеке жактар
20 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
4-бөлүк

Ири габариттүү жана оор салмактуу автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулардын транспорт каражатын тийиштүү уруксаты жок башкаруусуна жол берүү.

Жеке жактар
17 500 сом
Юридикалык жактар
55 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо

1-бөлүк

Курамдык бөлүктөрүнүн идентификациялык номерлери каттоо документтериндеги жазууларга ылайык келбеген транспорт каражаттарын эксплуатациялоо же аларды жок кылуу.

Жеке жактар
5 500 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо

1-бөлүк

Техникалык абалы же жабдуулары жол кыймылынын эрежелерине, жол кыймылынын коопсуздук стандарттарына же техникалык эксплуатациялоого ылайык келбеген транспорт каражаттарын жолго чыгаруу эрежелерин бузуу.

Жеке жактар
10 000 сом
Юридикалык жактар
28 000 сом

1-бөлүк

Транспорт каражаттарын же алардын тетиктерин, же болбосо аларды кошумча жабдуудагы башка предметтерди оңдоодо, автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол кыймылдуу курамын, темир жол транспортунун инфратүзүмүн жана жол курулмаларын курууда, оңдоодо же күтүүдө техникалык регламенттердин эрежелерин, ченемдерин же талаптарын бузуу.

Жеке жактар
7 500 сом
Юридикалык жактар
23 000 сом
2-бөлүк

Автомобиль жолдорунун, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын, айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин, темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн коопсуздугу боюнча техникалык регламенттердин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан талаптарын бузуу.

Жеке жактар
7 500 сом
Юридикалык жактар
23 000 сом
3-бөлүк

Автомобиль жолдорунун, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын, айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин, темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин баалоо боюнча эрежелерди бузуу.

Жеке жактар
10 000 сом
Юридикалык жактар
28 000 сом

1-бөлүк

Балдардын же туристтердин уюштурулган топторун ташуу эрежелерин бузуу.

Жеке жактар
5 500 сом
2-бөлүк

Каттамдык такси катары же шаар аралык же болбосо эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууларда пайдаланылуучу транспорт каражаттары менен ташылуучу адамдардын санына карата талаптарды айдоочунун бузуусу, ошондой эле айдоочуда жүргүнчүлөрдү ташуу келишими, же болбосо каттамдын паспорту болбогондо.

Жеке жактар
1 000 сом
3-бөлүк

Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууда «Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо.

Жеке жактар
3 000 сом
Юридикалык жактар
13 000 сом
4-бөлүк

Айдоочулардын иштөө же эс алуу режимин бузуу.

Жеке жактар
5 500 сом
Юридикалык жактар
17 000 сом
5-бөлүк

Айдоочунун ар бир кезмети сайын рейске чыгар алдындагы медициналык кароодон өтүү же рейске чыгар алдындагы транспорт каражаттарынын техникалык абалын контролдон өткөрүү бөлүгүндө жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуусу.

Жеке жактар
5 500 сом
Юридикалык жактар
17 000 сом
6-бөлүк

Жеңил таксинин айырмалоочу шарттуу белгилери жок бөлүгүндө жеңил такси менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүктөрүн ташуу жана жеңил таксилер менен автобекеттердин жана автостанциялардын аймагынан тышкары шаар аралык жана эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуу (диспетчердик кызматтын тапшырыгы боюнча ташуулардан тышкары) эрежелеринин талаптарын бузуу.

Жеке жактар
3 000 сом
7-бөлүк

Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин башка талаптарын бузуу.

Жеке жактар
3 000 сом
8-бөлүк

Муниципалдык коомдук транспортто жол кирени жана жол жүгүн ташуу үчүн акы төлөбөө, ага тете шаардык коомдук транспортту пайдалануу эрежелерин бузуу.

Жеке жактар
1 000 сом

1-бөлүк

Транспорт каражаттарын каттаган мамлекетти таанытуучу белгилери жок эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу.

Жеке жактар
3 000 сом
2-бөлүк

Эл аралык автомобилдик ташууну контролдук түзүлүш (тахограф) жок, жандырылбаган же бузук тахограф менен, ага тете айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин чагылдырган каттоо баракчаларын (тахограммдарды) жүргүзүүсүз же алар жок учурда жүзөгө ашыруу.

Жеке жактар
3 000 сом
3-бөлүк

Эл аралык каттамда жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда кыймылдын белгиленген каттамынан четтөө.

Жеке жактар
5 500 сом
Юридикалык жактар
17 000 сом
4-бөлүк

Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү эл аралык үзгүлтүксүз эмес ташууларды жүзөгө ашырууда жүргүнчүлөрдүн тизмеси жок болсо.

Жеке жактар
5 500 сом
Юридикалык жактар
17 000 сом
5-бөлүк

Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүүгө уруксатсыз же атайын уруксатсыз, ташуунун түрүнө туура келбеген уруксаттар менен эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу.

Жеке жактар
20 000 сом
Юридикалык жактар
65 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо же Мамлекеттик чек ара аркылуу андан ары жүрүүсүнө тыюу салуу
6-бөлүк

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ташуучуларын кошпогондо, ташуучунун эл аралык автомобилдик ташууларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда автомобилдик ташууну жүзөгө ашыруусу, ошого тете Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ташуучуларынын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу шарттарын сактабоо.

Жеке жактар
20 000 сом
Юридикалык жактар
65 000 сом
7-бөлүк

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин транспорттук (автомобилдик) контролдоочу ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилүүчү кабарламаны аткарбастан жана эсепке алуу талонусуз, эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле кабарламада көрсөтүлгөн каттамдан четтөө.

Жеке жактар
20 000 сом
Юридикалык жактар
65 000 сом
8-бөлүк

Чет өлкөлүк уруксат бланктарын ата мекендик ташуучу тарабынан башка ата мекендик ташуучуга пайдалануу үчүн өткөрүп берүү.

Жеке жактар
10 000 сом
Юридикалык жактар
30 000 сом
9-бөлүк

Чет өлкөлүк ташуучулардын Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык автомобилдик ташууларды толтурулбаган уруксат бланктары менен, же болбосо уруксат бланкында транспорттук контролдоо органынын кызмат адамынын белгилөөсү жок жүзөгө ашыруусу.

Жеке жактар
20 000 сом
Юридикалык жактар
65 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо же Мамлекеттик чек ара аркылуу андан ары жүрүүсүнө тыюу салуу

1-бөлүк

Товардык-транспорттук коштомо кагазысыз (ТТК) жана автомобиль транспорту менен жүктөрдү ташуу эрежелеринде белгиленген башка документтерсиз жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруу.

Жеке жактар
10 000 сом
Юридикалык жактар
30 000 сом
2-бөлүк

Ата мекендик ташуучулар тарабынан ички жүк ташууларда транспорт каражаттарын каттоо тартибин бузуу менен башка мамлекетте катталган чиркегичтерди жана жарым чиркегичтерди пайдалануу.

Жеке жактар
10 000 сом
Юридикалык жактар
30 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо

1-бөлүк

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүргөндүгү үчүн белгиленген жыйымды төлөбөө.

Жеке жактар
20 000 сом
Юридикалык жактар
65 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо

1-бөлүк

Жалган же стандарттуу эмес (жасалма) мамлекеттик каттоо номердик белгилери (белгиси) бар транспорт каражатын башкаруу.

Жеке жактар
20 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
2-бөлүк

Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун жыл ичинде кайталанып жасалса.

Жеке жактар
20 000 сом
1 жылдык мөөнөткө транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү менен айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
3687
Поделиться: