Ажыратуучу тилкеси бар кесилиштерден өтүү

Ажыратуучу тилкеси бар кесилиштерден өтүү
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 827

Жагдай: Ажыратуучу тилкеси бар кесилиш. Кызыл автоунаа светофордун уруксат берүүчү сигналында кесилишке чыкты, бирок ал жактан чыгып кетүүгө үлгүрбөй туруп, кызыл жанып калды. Көк автоунаага жашыл жанып турат. Алардын багыттары кайчылаш абалда.

Суроо: Ким биринчи өтүүсү керек?

Кызыл автоунаанын айдоочусу 13.7. пунктунун негизинде аракеттенет.

КР ЖКЭ 13.7. пункту: Светофордун уруксат берген сигналынын учурунда кесилишке чыккан айдоочу кесилиштен чыккандан кийинки светофордун сигналдарына карабастан белгиленген багытта кетүүгө тийиш. Бирок, айдоочу бараткан жолдо жайгашкан светофордун алдындагы кесилиште стоп-линия (6.16 белгиси) бар болсо, айдоочу ар бир светофордун сигналын жетекчиликке алууга тийиш.


Бул кесилиште стоп-линиялар жана 6.16 белгилери жок. Ошон үчүн кызыл автоунаа кызыл сигнал жанып калганына карабастан кесилиштен чыгып кетүүсү керек.

Көк автоунаанын айдоочусу 13.8. пункту боюнча аракеттенет.

КР ЖКЭ 13.8. пункту: Светофордун уруксат берген сигналы күйгөн учурда айдоочу кесилиштеги кыймылын аяктап жаткан транспорт каражаттарына жана бул багыттагы жүрүүчү бөлүктөн өтүп бүтө элек жөө адамдарга жол берүүгө милдеттүү.


Тыянак: Көк автоунаанын айдоочусу кызыл автунааны өткөрүп жиберет жана өз кыймылын улантат.


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign