Бир багыттуу жол менен кесилиштеги кайрылуу

Бир багыттуу жол менен кесилиштеги кайрылуу
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Акпери Шукурова    icon 878

Айдоочулар көбүнчө автокыймылы солдон оңго карай бет алган бир багыттуу жол менен кесилиште артка кайрылуу жасоого тыюу салынат деп ойлошот.


5.7.1 үлгүсүндөгү "Бир жактуу кыймылда жүрүүчү жолго чыгуу" эрежесин туюндурган КРнын ЖКЭнин белгиси 5.5 үлгүсү туюндурган бардык(оң, сол жана бет маңдай) тараптан чыгуучу жолдордун белгисинин, кайрылуу максатын ишке ашыруучу жол тилкесинин же өтмөктүн алдына орнотулат.

Кайрылууга уруксат!

5.7.1 жол белгиси айдоочуларга алдыда бир багытта кыймыл жүргүзүлгөн жол менен кесилиш бардыгын гана эскертет. Бул учурда солдон оңго карай багытты көрсөткөн жебе алдыдагы туурасынан кеткен жолдо автокыймылы оң тарапка багыт алганын гана туюндурат. Бул белги айдоочунун милдеттүү түрдө оңго бурулушун таңуулабайт жана артка кайрылууга тыюу салбайт.

Себеби жол кесилишинин аянтында транспорт каражатынын кыймылы аныкталган эмес.Башкача айтканда кесилиште бир багыттагы жана карама-каршы багыттагы тилке жок.Бул аянтта болгону жалгыз гана "жолдордун кесилиши" түшүнүгү бар.


Айдоочу эрежени бузбашы үчүн кесилиштин аймагына чыгып бурулуу-кайрылуу учурунда карама-каршы тилкеге чыгып кетпөөсү керек.

Бул учурда бардык аракеттер кесилиштин гана чегинде ишке ашып жаткандыктан эч кандай "түккө каршы" кыймыл жаралбайт.

Анткени "кара көө" шыбалуу ыктымалы бар автоунаанын айдоочусу эки гана багытта: алдыга карай түз жүрүүгө жана артка кайрылууга укугу бар.

Жооп: Мындай кесилиште артка кайрылууга уруксат!


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign