Статьи

Бир тараптуу кыймылы бар кесилиште кантип туура артка кайрылуу керек?

03.03.2021 1 мүн 3167 0

Жагдай: Кызыл автоунаанын айдоочусу, бир тараптуу кыймылы бар кесилиштен кайрылып бурулууну көздөп турат. Кесилиштин алдында «Солго бурулууга тыюу салынат» белгиси орнотулган.

Суроо: Айдоочу, кайсыл из сызык менен кайрылса болот?


А варианты: Бул учурда кайрылууну, жөө жүргүнчү өткөөлүн тебелебеген шартта гана аткарса болот. Эскертип кетсек, жөө адам өткөөлүндө артка кайрылууга тыюу салынат (КР ЖКЭ 8.11. пункту).

Б варианты: «Солго бурулууга тыюу салынат» 3.18.2 белгиси жана ошондой эле «Бир жактуу кыймылда жүрүүчү жолго чыгуу» 5.7.1 белгиси – артка кайрылууга тыюу салбайт, ошон үчүн айдоочу мындай кесилиште кайрылуу жасаса болот.

Тыянак: А жана Б из сызыктары боюнча артка кайрылса болот.


Маалымат үчүн:

3.18.2 «Солго бурулууга тыюу салынат» белгиси



5.7.1 «Бир жактуу кыймылда жүрүүчү жолго чыгуу» белгиси

Макала пайдалуу болдубу?

Шилтемени сактап алыңыз же айдоочулар менен бөлүшүңүз

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти