Инспектор: «Муну кантип чечебиз?» дегенде эмне кылыш керек?

Инспектор: «Муну кантип чечебиз?» дегенде эмне кылыш керек?
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Сергейбек Б    icon 822

ЖКЭни бузгандарды ЖКККББ инспекторлор сөз-сүз токтотуш керек. Бирок ар бир айдоочу жакшы билгендей эле, айрым инспекторлор мыйзамга ылайык протокол түзгөнүн ордуна, өз пайда жөнүндө ойлошот жана ал тууралуу билдиршет. Муну алар сак болуп, айдоочуларга: «Муну кантип чечебиз?» деген суроо бериши мүмкүн. Аман-эсен болуш үчүн жана бул жагдайды коопсуз чечиш үчүн, ушундай суроого эмне деп жооп берсек болот? Келгиле муну карап чыгабыз.

1. «Протокол түзгүлө»

Бул болгон варианттардан эн жакшы, анткени анын эки пайдалуу жерин бар:

Биринчиден: пара берүү - бул жазык жоопкерчилиги. Көптөгөн учурларда ал айдоочуларга да таасир этет.

Экинчиден: эгер бузуу чон эмес болсо, инспектор протокол түзгөнүн ордуна, силерди бошотушу мүмкүн, себеби ушул учурда ал башка эрежелерди бузган айдоочуларды токтотот. Алар болсо мүмкүн пара беришет.

2. «Эскертүү менен эле чектетели»

Кондекстерде айдоочулар тууралуу ар кандай макалалар бар. Алардын айрымдарга ылайык, жазалардан бири – бул эскертүү. Бузуу чон эмес болсо, ушундай көрсөтмө берилет. Боло турган бузуу атайын эмес жана башкаларга таасир эткен жок деп түшүндүрүп берсенер болот. Ошондо эскертүү эле аласынар.

3. «Сот чечет»

Ушундай сөздөрү укканда, инспектор айдоочу кылууга даяр иштер тууралуу түшүнөт. Бузуу чон эмес болсо жана айдоочунун видеорегистратор болгондо, инспектор бул жагдайдан кеткени аракет кылышы мүмкүн. Ал эми инспектор протокол толтурса, аны сот аркылуу даттанса болот.


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign