Инспектор токтоткондо машинеден түшпөй канча мүнөт күтүү керек?

Инспектор токтоткондо машинеден түшпөй канча мүнөт күтүү керек?
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Доброволец    icon 738

Инспектор токтокон соң өзү басып келбей жатса аны машинеден түшпөй канча күттүшүм керек?-деп сурап калышат. 

Мындай нерсе дайыма боло берет. Сизди МАИ кызматкери токтотот бирок өзү басып келбейт. Аны канча мүнөт күтүү керек? Мурун буга байланыштуу так көрсөтмө жок болчу. Бирок кайгуул кызматынын кызматкерлер үчүн жаңы көрсөтмөсүндө:

Пункт 130. Остановка транспортных средств сотрудникам ПСМ запрещена, в следующих случаях:

  • остановка транспортных средств на время более трех минут, в случае составления протокола, нарушитель может быть задержан максимум на 20 минут.

Мындан улам канча мүнөт күтүү керектигин айкын болду. Силерди токтотуп койгондон кийин үч мүнөттүн ичинде машинеңерге өзү басып келбесе анда жолуңарды улап кете берсеңер болот. Бирок канча мүнөт күткөнүңөрдү видеого тартып сактап койгула. Бул силерге испектордун айып салууга аракет кылынганда өзүңөрдүн айыпсыздыңарды далилдөөгө жардам берет. Ал эми испектор протокол түзөө баштаса анда ал 20 мүнөттүн ичинде бүттүрүш керек. 

Эске алчуу нерсе бул көрсөтмөнү кайгуул кызматынын кызматкерлери гана аткарууга тийиш. Азыркы таптагы олконун кээбир аймактарында кызматын улантып жаткан ЖКККББнин кызматкерине тиешеси жок.

Инструкция по организации работы Управления патрульной службы милиции по ГУВД г. Бишкек в сфере обеспечения общественного порядка и безопасности дорожного движения. (Приложение к приказу МВД Кыргызской Республики от 03. 04. 2019 г. No 287) - Орусча эле

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign