Сизди инспектор токтотту. Автоунаадан түшүү керекпи же жокпу?

Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Alfa Translation    icon 3696

Сизди инспектор токтотту.


Автоунаадан түшүп, инспекторго басып баруу керекпи же машинадан чыкпай аны күтүү керекпи?

Айта кетүүчү нерсе, эрежеге ылайык Кыргызстанда айдоочу автоунаадан чыгууга милдеттүү эмес. Ал айдоочунун өз эрки.


Ал эми сиздин унааңызды токтоткон тартип сакчысы айдоочуга келип, өзүн тааныштырып, эмне үчүн токтоткондугунун себебин кыскача айтып берүүгө милдеттүү


Инспектор айдоочудан айрым учурларда гана салондон чыгууну талап кыла алат.


(№287-буйрук) 158-пункт.

Төмөнкү учурларда ПМБнын кызматкери айдоочудан транспорт каражатынан чыгууну (андан түшүүнү) талап кыла алат:

  • транспорт каражатынын техникалык бузулууларын же жүктөрдү ташуу эрежелеринин бузулууларын жоюу үчүн;
  • айдоочуну мас абалында жана (же) оорулуу (чарчаган) абалда деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгондо;
  • транспорт каражатынын агрегаттарынын жана бирдиктеринин номерлерин каттоо документтериндеги жазуулар менен (айдоочунун катышуусунда) салыштыруу үчүн;
  • транспорт каражатын жана жүктү текшерүү үчүн;
  • айдоочу же жүргүнчү кылмышка, жосунсуз жорукка же тартип бузууга шектелгенде;
  • сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууга анын катышуусу, ошондой эле жол кыймылынын башка катышуучуларына же ИИОнун кызматкерлерине көмөк көрсөтүү зарыл болгондо;
  • айдоочунун жүрүм-туруму ПМБнын кызматкерлеринин же ИИОнун башка кызматкерлеринин жеке коопсуздугуна коркунуч келтиргенде;


Башка учурларда айдоочу өз унаасынын салонунда калууга укуктуу.




Перевод статьи выполнен "Alfa Translation"
г.Бишкек, ул.Калыка Акиева 66

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign