Таш кулоо же түшүү

Таш кулоо же түшүү
Автор: JOLDO.kg    icon 1283

Тема боюнча макалалар сериясы: Окшош суроолор.

Экзамендерде абдан окшош суроолор кездешет. Студенттер көбүнчө аларды чаташтырып экзаменден өтпөй калышат. Бул макалалар сериясынан ушул сыяктуу суроолордун баары менен тааныша аласыздар жана Мамлекеттик каттоо кызматында экзамен тапшырып жатканда аларга даяр болосуздар.


Суроолордо ар кандай жол белгилери болот. Бир жагдайда сизге артыкчылык берилсе, ал эми башкасында берилбеши мүмкүн.


Билет 2-16

Бул жагдайда сиз эмне кылышыңыз керек?

Сиз биринчи өтүшүңүз керек


11.6. Эгерде кайчы өтүү татаалданган болсо, өзү тарабында тоскоолдук турган айдоочу жол берүүгө тийиш. 1.13. жана 1.14. белгилери менен көрсөтүлгөн жантык жерлерде тоскоолдук бар болгон учурда төмөн карай бараткан транспорт каражатынын айдоочусу жол берүүгө тийиш.



Билет 17-5

Мындай кырдаалда эмне кылышыңыз керек?

Бет маңдай келаткан унаа өйдөгө чыгып бараткандыктан, ага жол берүүгө тийишсиз


11.6. Калктуу конуштардан тышкаркы жерлерде жай жүргөн же ири габариттүү транспорт каражатынын айдоочусу бул транспорт каражатынан озуп өтүү татаал болгон учурларда мүмкүн болушунча оңго жылууга, ал эми зарылчылык болгон учурда өзүнүн артында топтолгон транспорт каражаттарын өткөрүп жиберүү токтоого тийиш. Эгерде кайчы өтүү татаалданган болсо, өзү тарабында тоскоолдук турган айдоочу жол берүүгө тийиш. 1.13. жана 1.14. белгилери менен көрсөтүлгөн жантык жерлерде тоскоолдук бар болгон учурда төмөн карай бараткан транспорт каражатынын айдоочусу жол берүүгө тийиш.


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign