Убактылуу жол белгилер менен жол бетиндеги чийиндер

Убактылуу жол белгилер менен жол бетиндеги чийиндер
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Доброволец    icon 759

 Убактылуу жол белгилер менен жол бетиндеги чийиндер бири бирине шайкеш келбесе тажрыйбасы аз болгондордун да жана тажрыйбалуу шопурлардын да башын маң кылат. Бул макалада: Убактылуу жол белгилер менен жол чийиндер эрежелерин кандай учурларда аткарууга милдеттүүбүз? Алардын максаты эмнеде? Айып пул салынабы? Айып пул салынса, макул эместигин кантип билдирсе болот?


Убактылуу жол белгилери менен жолбетиндеги чийиндердин айрымасы эмнеде?

 Алгач убактылуу белгилер менен чийиндерди кантип айрымаласа болорун эстеп кетели. Кадимки ак түстүн ордуна убакбактылуу жол белгилер үчүн сары түс колдонулат, аларды оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан жолго орнотот. Кайсы белгилер убактылуу болуп саналат? Бул негизинен тыйуу салуучу жана эскертүүчү белгилер, адатта жол багытты өзгөргөнүн маалымдоо үчүн, ылдамдыкты чектеген жана кээ бир иш аракеттерге чектөө үчүн колдонулат.


Туруктуусу же убактылуусу—кайсынысы артыкчылыкка ээ?

Туруктуу жол белгилерине караганда убактылуу жол белгилердин артыкчылыгы бар. ЖКЭнде мындай делет: "Убактылуу жол белгилери менен стационардык белгилердин маанилери бири-бирине карама-каршы келген учурда айдоочулар убактылуу белгилерге жетектелиши керек". 

Жол белгилер жол чийиндерине караганда артыкчылыкка ээ. ЖКЭнде мындай делет: «Көчмө биригүүсүндө жайгыштырылган убактылуу жол белгилеринин мааниси жана чийин сызыктарынын маанилери бири бирине каршы келип турган кезде, айдоочулар белгилерди жетекчиликке алыш керек. Убактылуу жана туруктуу чийиндердин сызыктары бири бирине каршы келип турса, айдоочулар убактылуу чийиндин сызыктарын жетекчиликке алыш керек». Жыйынтык: ак түстөгү жол белгиси сары түстөгү жол чийинден артыкчылыкка ээ. Ал эми убактылуу жол чийин туруктуу жол чийинден артыкчылыкка ээ.


Айып пул салынса макул эместигин билдирсе болобу?

Убактылуу жол белгилердин колдонушу кээ бир жерлерде акылга сыйбайт: мисалга, оңдоп-түзөө иши эбак эле бүткөндой, ал ймакта бир да техника, бир да жумушчу жок. Бирок түз, оңдолгон, шаардын сыртындагы жолдо ылдамдыкты чектеп, саатында 40-50 ылдамдыкта айдаш керектигин көрсөтүп турган жол белгиси бар. Ошондой учурларда айып пул салынса, аны менен макул эместигин он күндүн ичинде—айып пул келген күндөн баштап— билдирсе болот. Силер убактылуу жол белгинин ошол жолдун бөлүгүндө орногону жүйөлүү эместигин, жолдогу жагдай-шартка, жүрүү тартибине дал келбегенин далилдеп беришинер керек. Далил катары силер видеорегистратордогу материалды колдонсоңор болот, тасмада убактылуу жол белгинин оңдоп-түзөө иши бүткөн жолдо турганын көрсөтүп берген маалымат камтылышы керек.

Бул макаладагы маалымат kolesa.ru сайттагы маалыматка негизделген.

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign