Ысык-Көл багыты боюнча бара жаткан унаалар текшерилүүдө

Ысык-Көл багыты боюнча бара жаткан унаалар  текшерилүүдө
Автор: Байказы Айтикул уулу    icon 515

ЖКККББ: Ысык-Көл багыты боюнча бара жаткан унаалар текшерилүүдө. Мас айдоочуларга каттуу чаралар көрүлөт.

Дем алыш күндөрүнө карабай, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынын өздүк курамы “Бишкек-Чолпон-Ата” унаа жолунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.


Анткени, дем алыш күндөрү авто унаалардын агымы көп болгондуктан, жол тыгындары пайда болушу мүмкүн экендиги, ошондой эле, мас абалында унаа башкаргандар, каршы тилкеге чыгып, каттуу ылдамдыкта айдашып, башка жол кыймылынын катышуучуларына да тоскоолдуктарды жараткан фактылар кездешүүдө. 


Ошондуктан, ЖКККББнын кызматкерлери керектүү учурларда айдоочуларды токтотуп, профилактика иретинде түшүндүрүү жана текшерүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул менен кана чектелбестен, айдоочуларга жана туристтерге атайын даярдалган жол эрежелери боюнча эскертме буклеттерин таратышууда.

Ал эми кечкисин жол кырсыктарына жана жол тыгындарына жол бербөө максатында жол тыгындарын жөнгө салышууда.


ЖКККББнын басма сөз кызматы

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign