Жөнгө салуучунун сигналдары

Автор: JOLDO.kg    icon 2027


Колдору эки жакка сунулган же түшүрүлгөн:

  • ол жана оң каптал жактан трамвайга түз, рельсасыз жүрүүчү транспорт каражаттарына түз жана оңго жүрүүгө, жөө адамдарга жүрүүчү бөлүктөн өтүүгө уруксат берилет;
  • төш жана арт жагынан бардык транспорт каражаттарынын жана жөө адамдардын кыймылына тыюу салынат.



Оң кол алдыга сунулган:

  • сол каптал тараптан трамвайга солго, рельсасыз транспорт каражаттарына бардык багытта кыймылга уруксат берилген;
  • төш тарабынан бардык транспорт каражаттарына оңго гана кыймылга уруксат берилген;
  • оң каптал жана арт жактан бардык транспорт каражаттарына кыймылга тыюу салынган;
  • жөө адамдарга жөнгө салуучунун артындагы жүрүүчү бөлүктөн өтүүгө уруксат берилген.




Кол өйдө көтөрүлгөн:

  • бардык транспорт каражаттарынын жана жөө адамдардын бардык багыттагы кыймылына тыюу салынган, буга Эрежелердин 6.14-пунктунда каралган учурлар кирбейт.



Жөнгө салуучу колунун кыймылдары менен айдоочуларга жана жөө адамдарга түшүнүктүү болгон башка сигналдарды да бере алат.


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign