Жаңы ЖКЭ 2020

Жаңы ЖКЭ 2020
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 514

Жакында Кыргызстанда жаңыланган Жол кыймылынын эрежелери иштей баштайт.

Эрежелердин тексти, алдын ала коомдук талкууга коюлган. Көпчүлүк айдоочулар аны окуп чыгып, Эрежелердин жаңы чыгарылышында (редакциясында) оң жактарында да, терс жактарын да көрүштү.

Кээ бир олуттуу өзгөрүүлөрдү карап көрөлү. Балким алар ар бир айдоочуга катуу таасир тийгизиши мүмкүн.

Жаңы чыгарылыштын 6.2. пунктунда мындай деп айтылат:

…Ыкчам багыттагы көк жана кызыл түстөрдөгү иштетилген маягы менен транспорт каражаты жакындаган учурда катар бара жаткан айдоочулар, ал эми бөлүштүрүү тилкеси жок болгон учурда ошондой эле бет алдынан келе жаткан транспорт каражаттарынын айдоочулары дагы жол жээгине токтоого, ал эми ал жок учурда – оң тилкедеги эң четки оң абалды ээлөөгө жана токтоого тийиш болушат.

Азыр Бишкекте Кайгуул Милициясы иштеп жатат. Көпчүлүк учурда алардын жол агымында иштетилген маягы менен жолдон өткөрүү талабы үчүн эмес өзгөчө көңүл буруу үчүн гана улам-улам жылып жүргөнүн көрөбүз.

Албетте бардык айдоочулар атайын автоунааларга жол бошотуп берүүгө милдеттүү, бирок шаардын шартында жана тыгыз кыймыл учурунда, оң тилкедеги эң четки оң абалды ээлөөнү жана токтоону ар дайым эле аткара албайсың. Ага кошумча мындай учурлар жолдо кооптуу абалдарга да алып келиши мүмкүн.

Азыркы иштеп жаткан Эрежелерде болсо – Жол берүү, кыймылдын тоскоолдуксуз өтүшүнө шарт түзүп берүү жана зарыл учурда гана токтоо керек экендиги айтылган. Ушул жобонун өзү толук жетиштүү.


9.5. пункту. Транспорт каражаттарынын катарын кесилиштен которуусуна, анда айланма кыймыл уюштурулган кесилиштен башкаларында тыюу салынат.

Кесилиште катарды которууга тыюу салынат. Айдоочулардын багытты которуудагы жүрүмүн чектөөчү, өтө ыңгайсыз жобо болуптур. Мисалы РФтин ЖКЭсинде мындай жобо жок. Негизгиси, көпчүлүк биздин кесилиштерден катарды которбой туруп өтүү мүмкүн эместей. Мисалы, кесилишке кирип жатканда үч тилкелүү жол, ал эми чыгып бара жатканда эки тилкелүү жол болгон кесилиштер. Алардан кантип катарды которбой туруп өтүү керек? Ага кошумча адатынча жол чийиндери (сызыктары) болбогон кадимки кесилиштерде, которуу болгонун аныктоо да оңой эмес.


9.19. пункту. Арткы жүрүш менен кыймылдоого кесилиштерде (турак-жай зоналарында жайгашкан кесилиштерден тышкары), сутканын караңгы мезгилинде, жеткиликсиз көрүнүү шарттарында ... тыюу салынат.

Көңүл буруңуздар: Күндүн караңгы мезгилинде, жеткиликсиз көрүнүү шарттарында арткы жүрүм менен кыймылдоого тыюу салынат!

Өтө таң калаарлык тыюу. Бажы биримдигине (союзуна) кирген мамлекеттердин ЖКЭсинин биринде да, жада калса дүйнө мамлекеттеринде да мындай тыюу салынган эмес. Мисалы, караңгы мезгилде ЖКЭни бузбай туруп, токтотмо жайдан (парковкадан) кантип чыгуу керек?


Пункт 19.6. Транспорт каражаттарынын төмөнкүдөй токтоосуна жана токтоп туруусуна тыюу салынат:

- эки тилкелүү жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жолдун карама-каршы тарабында турган транспорт каражатынын каршысына;

- короолордогу турак-жай курулушуна жакын жайгашкан өтмөктөрдө;

Бул жобону биздин учурдагы шарттарда колдонуу өтө татаал. Себеби, көпчүлүк түнөөчү райондордо, автоунаалардын токтоосуна жана токтоп туруусуна атайын бөлүнгөн жай каралган эмес. Көпчүлүк автоунаа ээлери, өзүнүн автоунаасын тийиштүү жерге коюуга шарты жок. Алгач токтотмо жайлардын маселесин чечип, андан кийин мындай чектөөлөрдү киргизүү керек.

Ошондой эле, жаңы чыгарылышта, белгилерди жана чийиндерди баяндоочу бөлүгүн, түзүүчүлөр кайтадан эле калтырып жиберген. Көпчүлүк белгилердин колдонуу зонасын, белгинин аракети кимге таркатылышы жана башка негизиги түшүнүктөрдү, алар көрсөткөн эмес. МАСТта (мамлекеттик стандартта) булардын баары даана жазылып чыканына таянып, Жаңы ЖКЭ ага шилтеме кылса дагы, бул маанилүү маалымат жаңы чыгарылышта орун алган эмес.

Котормо: Болот Айыков 

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign