ЖКККББ кошумча секция тууралуу жыйынтык чыгарат

Акыркы учурда Кыргызстанда кошумча секциялар менен светофорлор пайда болуп жатат. Айдоочулар ушундай светофорлорду көргөндө жол кесилиштерди кантип өтүш керек деген суроо беришет.

Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Сергейбек Б    icon 705

Ар кандай мамлекеттерде буга байланыштуу көрсөтмөлөр ар башка.

Кыргызстанда кошумча секция бар светофорлор көп. Көөбүнчө аларда тегерек негизги сигнал бар. Айрымдарда кара контурдук стрелка жок.

Светофордун негизги сигналда кара контурдук стрелка жок.


Ушундай светофор көргөндө ЖКЭнин 6.1 жана 6.2 пункттарга баш ийиш керек. Жашыл сигнал болгондо, айдоочунун уруксат берилген бүт жерлерге барууга укугу бар.

6.1. Тегерек сигналдуу светофорлордо жашыл стрелка (жебе) түрүндөгү сигналы бар бир же эки кошумча секциясы болушу мүмкүн, алар жашыл тегерек сигналдын деңгээлинде жайгашат.
6.2. Светофордун тегерек сигналдары төмөнкүдөй маанини билдирет: жашыл сигнал жүрүүгө уруксат берет.

Светофордун негизги сигналда кара контурдук стрелка бар.


Буга байланыштуу ЖКЭнин 6.3 пункт жардам берет.

6.3. Светофордун кызыл, сары жана жашыл түстөгү стрелка түрүндө аткарылган сигналдары(*) тиешелүү түстөгү тегерек сигналдар сыяктуу эле мааниге ээ болот, бирок алардын күчү стрелка менен көрсөтүлгөн багыттарга (багытка) гана жайылтылат. Мында солго бурулууга уруксат берген стрелка артка кайрылууга да уруксат берет, бирок буга тиешелүү жол белгиси менен тыюу салынбаган учурда гана уруксат болот.


Кошумча секциядагы жашыл стрелка да ушундай эле мааниге ээ. Кошумча секциянын өчүп турган сигналы бул секция жөнгө салган багыттагы кыймылга тыюу салууну билдирет.

Дагы 6.4 пунктта мындай делет: Эгерде светофордун негизги жашыл сигналына кара контурдук стрелка (стрелкалар) тартылган болсо, ал айдоочуларга светофордун кошумча секциясы бар экендиги жөнүндө маалымдайт жана кошумча секциянын сигналыныкынан башка уруксат берилген кыймыл багытын көрсөтөт.

Ал эми стрелка жок болсо, айдоочу кошумча секция кайсы жерлерге жол берилет билүүгө милдеттүү эмес. Мисалы түндө бул стрелка өчүк болгондо, айдоочу аны байкабай калышы мүмкүн.

Жыйынтык: Эгер светофордун негизги сигналда кара контурдук стрелка жок болсо, силерге белгилер уруксат берилген бүт жерлерге айдаганга уруксат берилет.



Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign