Жол чийини көрүнбөсө, айып пул салынабы?

Жол чийини көрүнбөсө, айып пул салынабы?
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 6486

Алгач тактап алалы:

Эгерде айдоочу, көрүүгө мүмкүн болбогон объектинин талаптарын бузган болсо, анда аны жоопкерчилике тартууга болойт.

СТОП-тилкенин көрүнбөй калышы

Колдонуудагы ГОСТ Р 52289-2004 эрежелеринде көрүнбөс тилке боюнча эмне деп жазылганын карап көрөлү.


      ГОСТ Р 52289-2004. 4.4 пункту.

Кыймылдын тартибин белгилөөчү жол чийиндерин таанып билүү татаал болсо (кар, баткак ж.б.у.с.) же өз убагында калыбына келтирүү мүмкүн эмес болсо, тиешелүү мазмундагы белгилер орнотулат.


Эгер кесилиште стоп-тилке көрүнбөсө, анда СТОП белгисине карап болжол алабыз. Көпчүлүк учурда ал кесилишке чейин орнотулат.


Жол агымын бөлүштүрүп туруучу туташ чийиндин көрүнбөй калышы


      КР ЖКЭ 9.1. пункту

Рельсасыз транспорт каражаттары үчүн кыймыл тилкелеринин саны чийиндер же 5.15.1, 5.15.2, 5.15.7 белгилери менен, ал эми алар жок болгон учурда жолдун туурасын, транспорт каражаттарынын габариттерин жана алардын ортосундагы зарыл интервалдарды эске алуу менен айдоочулар тарабынан аныкталат. Мында жүрүүчү бөлүктүн туурасынын сол жактагы жарымы каршы багыттагы кыймыл үчүн арналган тарап болуп эсептелет.

Демек, жол чийини жок болсо, жол тилкесинин санын айдоочу өзү аныктайт. Ошол эле учурда, ал жүрүүчү бөлүктүн ээнине жана транспорт каражатынын (тышкы) өлчөмүнө карап болжол алат.

Мындай учурда инспектор да, Коопсуз шаар камералары да жол чийиндерине байланыштуу болгон эреже бузууларды эсепке албоосу керек.


КР ЖКККББнын жообу

Эгер, жол чийини кар жаап көрүнбөй калса, анын талабын сактабай койгон үчүн айып пул каралбайт. Мындай эреже бузууну, «Коопсуз шаар» автоматтык түзүмү каттаган болсо дагы, мониторинг борборунун кызматкерлери айып пулду эсепке алууда, чийиндин көрүнбөй калышын эске алышат. Ар бир кар жааган учурда коммуналдык кызматтын жумушчуларына жол чийиндерин тазалоого тапшырмаларды беребиз.

КР ЖКККББнын маалымат кызматы.


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign