Жол кырсыктарынын алдын алуу багытында жол чийиндери текшерилип, тийиштүү кызматтарга сунуштар берилүүдө

Жол кырсыктарынын алдын алуу багытында жол чийиндери текшерилип, тийиштүү кызматтарга сунуштар берилүүдө
Автор: Байказы Айтикул уулу    icon 813


ЖКККББ: Жол кырсыктарынын алдын алуу багытында жол чийиндери текшерилип, тийиштүү кызматтарга сунуштар берилүүдө.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмү жол унаа кырсыктарынын алдын алуу багытында, Кыргызстандын баардык авто жолдорун жеринен кароо иштерин жүргүзүп, жетишпеген жол чийиндерин, жол белгилерин, темир-бетон менен бөлүүчү парапеттердин керектигин же жаңылоого муктаж экендигин карап чыгып, аларды жаңылоо жана орнотуу боюнча тийиштүү кызматтарга кайрылуу сунуштарын жолдоп келет.  


Анткени, түнкү убакта, жана туман учурунда, жол чийиндери көрүнбөй, айдоочулар жолдон чыгып кетип, жол унаа кырсыктарына кабылган фактылар кездешүүдө. Ошондой эле, чоң унаа жолдордордун ортосун бөлүп турган темир-бетон менен бөлүүчү парапеттердин жок болгондугунан, айдоочулар карама-каршы тилкеге чыгып, жол кырсыктарына кабылган учурлары да бар.




Азыркы учурда, ЖКККББгы тарабынан жолдорду жеринен кароо иштери жүргүзүлүп, төмөнкү;

-Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 30-90-чакырымына чейинки бөлүгүндө;

-Чүй облусунун Бишкек-Ош унаа жолунун 112-209-чакырымына чейинки болүгүндө;

-Жалал-Абад облусунун Бишкек-Ош унаа жолунун 209-589-чакырымына чейинки бөлүгүндө;

-Ош облусунун Бишкек-Ош унаа жолунун 589-666-чакырымына чейинки бөлүгүндө;

-Талас облусунун Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 0-35-чакырымына чейинки бөлүгүндө жол чийиндери жок экендиги аныкталып, аны тез арада орундатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине кайрылуу сунуштары жөнөтүлүүдө.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign