1. Горизонталдык чийиндер

Горизонталдык чийиндерди белгилөөчү сызыктар, жазуулар, жебелер жана башка белгилерди өркүндөтүлгөн жол каптоосуна, Р 52289-2004 МАСТта айтылган учурлардан башка учурларда тартышат.

Калктуу конуштарда горизонталдык чийиндерди магистраль жолдорунда жана көчөлөрүндө, жергиликтүү маанидеги жолдордо жана көчөлөрдө, ал эми айыл-кыштактарында - алар боюнча маршруттук транспорт каражаттары жүргөн көчөлөрдө жана жолдордо колдонушат.


1.1 чийинин төмөнкү учурларда колдонушат:

Эки багытка тең жүрүү үчүн эки же үч тилкеси бар жолдордогу карама-каршы багыттарда (ок сызыгы) бараткан транспорт каражаттарынын агымдарын бөлүү үчүн:

- алдыда каршы келе жаткан жакыныраак болгон автомобилди көрүү зоналары бирин-бири тосуп калган жолдордун участокторунда;

- алардын радиусу 50 метрден ашпаган пландагы ийрейүүлөрдүн бүткүл узактыгында, ошондой эле аларга өзгөрүлмөлүү радиусу менен кошула турган участоктордо. Эки тилкелүү жолдордо чийинди ички тилкенин туурасынын катышы тышкысына карата сакталгандай кылып сызышат.


icon 915

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign