1. Горизонталдык чийиндер


1.23.1 чийинин 5.11 "Маршруттагы транспорт каражаттары үчүн тилкеси бар жол" белгиси менен белгиленген жолдордо жана маршруттук транспорт каражаттары гана жүрүүчү тилкелерде түшүрүлөт.

Чийинди кыймылдын тилкесинин огу боюнча негизи менен андагы кыймылдагы транспорт каражаттары тарапка каратып тартышат. Тилкенин башталышында өтүүчү бөлүктөрүнүн кесилиш чекарасынан 10 м аралыкта биринчи чийинди тартышат, ал мэи 20 мден кийин – экинчиси тартылат.

Чийинди маршруттук транспорт каражаттарынын аялдамасынын ордуларынан кийин жана өтмөк жолдо ар бир 200 м аркылуу кайталашат. Өтмөк жолдун узундугуна жараша бул аралык кыскартылган болушу ыктымал.

1.23.1 чийинин, 5.14 белгиси менен белгиленген тилкелерде тилкенин башталышында жана аягында, ошондой эле ушул тилкенин узундугуна карата 200 мден кийин тартууга жол берилет.

Чийинди тормоздоо тилкесине жана маршруттук транспорт каражаттарынын аялдама пункттарынын токтоочу аянтчасында тартууга жол берилет.

1.23.2 жана 1.23.3 чийиндерин 4.4.1, 4.5.1, 4.5.2, 4.5.4 жана 4.5.5 белгилери менен белгиленген жолчолорго тартышат.

Чийинди жолчонун (тилкенин) огу боюнча, негизин анда кыймылдаган велосипедчендер же жөө жүргүнчүлөр тарапка каратуу менен, анын башталышында жана аягында тартышат жана төмөнкүдөй кайталашат:

- жолчо башталгандан кийинки 20 м кийин;

- ар бир кесилиштен, жакын жайгашкан аймактан чыгуулардан, жөө жүргүнчүлөр же велосипед жолчолору менен кесилишкенден кийин;

- узундугу 500 м жана андан жогору өтмөктөрдө – 200 м ден кийин.


icon 236

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign