1. Горизонталдык чийиндер


1.25 чийинин ылдамдыкты мажбурлап төмөндөтүүгө арналган жасалма текши эместиктерди белгилөө үчүн колдонушат.



Кошумча:

1.1, 1.2 жана 1.3 сызыктарын кесип өтүүгө тыюу салынат.

1.2 чийинин транспорт каражатын жол жээгине токтотуу үчүн жана ага токтоого же токтоочу жайга турууга уруксат берилген жерлерден кесип өтүүгө жол берилет.

1.5-1.8 чийиндерин каалагандай жагынан кесип өтүүгө уруксат берилет.

1.9 чийинин реверсивдүү светофор жок учурда же алар өчүп калганда, эгерде ал айдоочудан оң жакта болсо; күйүп турган реверсивдүү светофор учурунда - каалагандай жагынан, эгерде ал бул боюнча бир багыттагы кыймылга уруксат берилген тилкелерди бөлүп турса кесип өтүүгө уруксат берилет.

Карама-каршы багыттардагы транспорт агымдарын бөлүп турган 1.9 сызыгын өчүрүлгөн реверсивдүү светофорлор учурунда кесип өтүүгө тыюу салынат.

1.11 чийинин үзүлгөн сызык тарабынан, ал эми ашып өтүү же айланып өтүү аяктаган учурда - бириккен сызык тарабынан кесип өтүүгө уруксат берилет.

Четки сол тилкеден солго бурулууга уруксат бере турган 1.18 чийини, ушул эле тилкеден кайрылууга дагы уруксат берет.

Көчмө биригүүсүндө жайгаштырылган убактылуу жол белгилеринин мааниси жана чийин сызыктарынын маанилери бирине бири каршы келип турган кезде, айдоочулар белгилерди жетекчиликке алышы керек.

Убактылуу жана туруктуу чийиндердин сызыктары бирине бири каршы келип турса, айдоочулар убактылуу чийиндин сызыктарын жетекчиликке алышы керек.


icon 255

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign