177-берене. Жол курулмаларын бузуу
1-бөлүк
Жолду, көчөнү, темир жол өткөөлүн же башка жол курулмаларын же болбосо жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарын бузуу.
Жеке жактар
5 500 сом
Юридикалык жактар
17 000 сом
2-бөлүк
Көчөнүн же жолдун өтүүчү бөлүгүн булгоонун алдын алууга карата чараларды көрбөө, жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү оңдоо-курулуш иштеринин натыйжасында бузулган жолдун же көчөнүн элементтерин калыбына келтирүү эрежелерин бузуу жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирсе.
Жеке жактар
7 500 сом
Юридикалык жактар
23 000 сом