178-берене. Жол курулмаларын күтүү эрежелерин бузуу

1-бөлүк

Калктуу конуштардагы жолдордо жумуштарды жүргүзүү, жолдорду, темир жол өткөөлдөрүн жана жол курулмаларын күтүү боюнча талаптарды, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелеринде белгиленген башка талаптарды аткарбоо.

Жеке жактар
7 500 сом
Юридикалык жактар
23 000 сом
2-бөлүк

Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жабыр тарткан жактын саламаттыгына жеңил зыян келтирүү, транспорт каражатын, жүктөрдү, жолдорду, жолдогу жана башка курулмаларды же башка мүлктү бузуу менен жол-транспорт кырсыгына алып келген аракет.

Жеке жактар
12 500 сом
Юридикалык жактар
35 000 сом
3-бөлүк

Жолдордо жана башка жол курулмаларында уруксат документтери жок оңдоо-өндүрүш иштерин жүргүзүү.

Жеке жактар
12 500 сом
Юридикалык жактар
35 000 сом