179-берене. Жолдун бөлүү тилкесин сактоону бузуу

1-бөлүк

Тиешелүү органдар менен макулдашпастан жол жээгиндеги тилкелерде, соода түйүндөрүн, тамактануу пункттарын, сервистерди куруу жана уюштуруу же жарнама такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү орнотуу.

Жеке жактар
3 000 сом
Юридикалык жактар
13 000 сом
2-бөлүк

Автомагистралга бөлүнгөн тилкедеги участокту айдоо, тигилген бак-дарактарды кыюу жана зыянга учуратуу, транспорт каражаттарын көк чөптүү аянттарга жана жашылдандыруу үчүн арналган жерлерге токтотуу, чымдарды же кыртышты оюп алуу, чоң жолго кошулуучу жолдорду өзүм билемдик менен куруу же бөлүүчү тилкени бузуу, канализациялык, өнөр жайлык, мелиорациялык жана агынды сууларды суу бургуч курулмаларга жана резервдерге агызуу.

Жеке жактар
5 500 сом
Юридикалык жактар
17 000 сом
3-бөлүк

Автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкеде айыл чарба продукцияларын кургатуу, курулуш жана өнөр жай таштандыларын таштоо, ошондой эле курулуш жана башка материалдарды үйүп салуу.

Жеке жактар
12 500 сом
Юридикалык жактар
35 000 сом
4-бөлүк

Тиешелүү мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашпастан, автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкеде шлагбаум жана башка тосмолорду орнотуу, эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш-жаза жосундарынын белгилери жок болсо.

Жеке жактар
20 000 сом
Юридикалык жактар
55 000 сом