180-берене. Жолдогу кароочу кудуктарды күтүүнү бузуу

1-бөлүк

Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүүнүн эрежелерин бузуу, ага тете жолдун үстүңкү бетине суунун, техникалык суюктуктардын, буунун чыгышына жана ушул себептен улам жол бетинин бузулушуна, муздун пайда болушуна, көрүүнүн чектелишине жана башка тоскоолдуктарга алып келген жер астындагы коммуникациялардын бузуктарын оңдоо үчүн чараларды көрбөө.

Юридикалык жактар
23 000 сом
2-бөлүк

Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, адамдын саламаттыгына жеңил зыян келтирүү, транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана башка мүлктү бузуу менен жол-транспорт кырсыгына алып келген жосун.

Юридикалык жактар
35 000 сом