181-берене. Салмак-габариттик параметрлердин ченемдерин сактабоо
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору, муниципалдык автомобил жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу).
Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошто сунушталган ошол эле жосун жыл ичинде кайталанып жасалса.
Жүк жөнөтүүчүнүн ташылуучу жүктүн транспорттук документтеринде жүктүн массасы же габариттери жөнүндө анык эмес маалыматтарды берүүсү.
Юридикалык жак тарабынан транспорт каражатына жүктү жүктөөдө жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору, муниципалдык автомобил жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдеринен ашыруу.
Эгерде транспорт каражаттарын кыймылына мындай чектөөлөр жол-климаттык шарттардан улам киргизилсе, автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарынын кыймылын убактылуу токтотуунун же чектөөнүн талаптарын сактабоо.