183-берене. Диагностикалык борборлордун жана оңдоочулардын жоопкерчилиги
1-бөлүк
Диагностикалык борборлордун техникалык кароо жүргүзүүдө өздөрүнүн функцияларын талаптагыдай аткарбашы, техникалык регламенттердин талаптарын сактабашы жана укукка каршы аракеттерди (аракетсиздиктерди) жасашы.
Юридикалык жактар
20 000 сом
70% (6 000 сом)
2-бөлүк
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү маалымкаты жок, жол-транспорт кырсыгына мүнөздүү бузугу бар автомототранспорт каражаттарын оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү.
Жеке жактар
5 000 сом
70% (1 500 сом)
Юридикалык жактар
10 000 сом
70% (3 000 сом)