184-берене. Транспорт каражаттарын документи жок башкаруу

1-бөлүк

Айдоочунун транспорт каражатын транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүгү жок же болбосо тиешелүү категориясыз же транспорт каражатын каттоочу документи, же болбосо жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы жок башкаруусу.

Жеке жактар
1 000 сом
70% (300 сом)
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
2-бөлүк

Жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражатынын ээсинин транспорт каражатын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну тастыктаган, мыйзамдарда каралган документи жок башкаруусу.

Жеке жактар
3 000 сом
70% (900 сом)
Юридикалык жактар
13 000 сом
70% (3 900 сом)
3-бөлүк

Кандай болбосун транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамдын, ага тете укугу убактылуу токтотулган адамдын транспорт каражатын башкаруусу, же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга мындай транспорт каражатын башкарууга берүүсү.

Жеке жактар
15 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
4-бөлүк

Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан мурда ажыратылган адамдын транспорт каражатын башкаруусу.

Жеке жактар
20 000 сом
70% (6 000 сом)
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо

Эскертүү

Ушул берененин жоболору мыйзамдарда белгиленген тартипте транспорт каражатын айдоо боюнча окутуучу курстардан өтүп жаткан адамдарга карата колдонулбайт.