185-берене. Токтотуу жөнүндө талаптарды аткарбоо

1-бөлүк

Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбоосу.

Жеке жактар
5 500 сом
Бир календардык жылдын ичинде 3 жана андан көп жолу жасалса — ЖКЭ боюнча кайрадан квалификациялык экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.