187-берене. Кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуу
1-бөлүк
Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/сааттан көп, бирок 20 км/сааттан көп эмес ашуусу.
Жеке жактар
1 000 сом
70% (300 сом)
2-бөлүк
Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 20 км/сааттан көп, бирок 40 км/сааттан көп эмес ашуусу.
Жеке жактар
3 000 сом
70% (900 сом)
3-бөлүк
Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 40 км/сааттан көп, бирок 60 км/сааттан көп эмес ашуусу.
Жеке жактар
7 500 сом
Бир календардык жылдын ичинде 3 жана андан көп жолу жасалса — ЖКЭ боюнча кайрадан квалификациялык экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.
4-бөлүк
Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 60 км/сааттан көп ашуусу.
Жеке жактар
15 000 сом
Бир календардык жылдын ичинде 3 жана андан көп жолу жасалса — ЖКЭ боюнча кайрадан квалификациялык экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.