189-берене. Автоээнбаштык
1-бөлүк
Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракети.
Жеке жактар
15 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
2-бөлүк
Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жыл ичинде кайталанып жасалса.
Жеке жактар
20 000 сом
6 айлык мөөнөткө транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү менен айып токтотуучу жайга эвакуациялоо