192-берене. Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу

1-бөлүк

Ушул Кодексте каралгандарды кошпогондо, жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын жана транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча негизги жоболорду жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерин бузуу.

Жеке жактар
1 000 сом
70% (300 сом)
2-бөлүк

Транспорт каражатынын, жүктүн, автомобиль жолунун, көчөнүн, темир жол өткөөлүнүн, жол курулмасынын же башка мүлктүн бузулуусуна алып келген жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын жана транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча негизги жоболорду жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерин бузуу.

Жеке жактар
5 500 сом
70% (1 650 сом)
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо. Бир календардык жылдын ичинде 3 жана андан көп жолу жасалса — ЖКЭ боюнча кайрадан квалификациялык экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.
3-бөлүк

Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү, жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын жана транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бузуу.

Жеке жактар
10 000 сом
70% (3 000 сом)
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо. Бир календардык жылдын ичинде 3 жана андан көп жолу жасалса — ЖКЭ боюнча кайрадан квалификациялык экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.
4-бөлүк

Кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болгондо, жол транспорт кырсыгына катышуучу болуп саналган айдоочу кырсык болгон жерди жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын бузуу менен таштап кетсе.

Жеке жактар
20 000 сом
70% (6 000 сом)
6 айлык мөөнөткө транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу
5-бөлүк

Кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болгондо, кандай болбосун транспорт каражаттарын башкарууга укугу жок адам өзү катышуучусу болуп саналган жол транспорт кырсыгы болгон жерди таштап кетсе.

Жеке жактар
20 000 сом
70% (6 000 сом)
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
6-бөлүк

Автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражатынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин бузууларды (ашырууларын) фото жана видео фиксациялоо функциясы бар атайын техникалык каражаттар орнотулган жол участокторунда жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо.

Жеке жактар
20 000 сом
70% (6 000 сом)

Эскертүү

Жол транспорт кырсыгынын катышуучусу бул кырсык тууралуу кабарлоону милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык биргелешип түзүү укугун колдонгон шартта, жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылган адам ушул берене менен каралган, транспорт каражатынын бузулуусуна алып келген жолдо жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш эмес.