193-берене. Мас абалында транспорт каражатын башкаруу

1-бөлүк

Алкоголдук, баңгизат каражаттарынын, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалда болушкан айдоочунун же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамдын автотранспорт каражатын башкаруусу.

Жеке жактар
80 000 сом
2 жылдык мөөнөткө транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү менен айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
2-бөлүк

Айдоочунун же транспорт каражатын башкарууга укугу жок, транспорт каражатын башкарган адамдын белгиленген тартипте мас абалын күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартуусу.

Жеке жактар
100 000 сом
3 жылдык мөөнөткө транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү менен айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
3-бөлүк

Автомототранспорт каражатын эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдын алкоголдук, баңгизаттык же кандай болбосун башкача мас абалдагы же болбосо бул каражатты башкарууга укугу жок адамды автомототранспорт каражатын башкарууга жол берүүсү, буга тете автомототранспорт каражатынын айдоочусунун же болбосо ээсинин мас абалдагы адамга аны башкарууга берүүсү.

Жеке жактар
20 000 сом
Юридикалык жактар
55 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
4-бөлүк

Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, этиятсыздыктан материалдык зыян же болбосо адамдын ден соолугуна залал келтирүүгө алып келген жосун, эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш жазага тартуучу жосундун белгилери жок болсо.

Жеке жактар
100 000 сом
3 жылдык мөөнөткө транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү менен айып токтотуучу жайга эвакуациялоо