195-берене. Кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуу
1-бөлүк
«Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо.
Жеке жактар
3 000 сом
Юридикалык жактар
13 000 сом
2-бөлүк
Айдоочунун кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин же автомобиль жолдору, көчөлөр же темир жол өткөөлдөрү аркылуу ири габариттүү же болбосо оор салмактуу транспорт каражаттарын жүрүү эрежелерин бузуусу.
Жеке жактар
17 500 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
3-бөлүк
Айдоочунун ири габариттүү жана оор салмактуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуусу.
Жеке жактар
20 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо
4-бөлүк
Ири габариттүү жана оор салмактуу автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулардын транспорт каражатын тийиштүү уруксаты жок башкаруусуна жол берүү.
Жеке жактар
17 500 сом
Юридикалык жактар
55 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо