198-берене. Жол кыймылынын коопсуздук ченемдерин бузуу
Транспорт каражаттарын же алардын тетиктерин, же болбосо аларды кошумча жабдуудагы башка предметтерди оңдоодо, автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол кыймылдуу курамын, темир жол транспортунун инфратүзүмүн жана жол курулмаларын курууда, оңдоодо же күтүүдө техникалык регламенттердин эрежелерин, ченемдерин же талаптарын бузуу.
Автомобиль жолдорунун, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын, айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин, темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн коопсуздугу боюнча техникалык регламенттердин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан талаптарын бузуу.
Автомобиль жолдорунун, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын, айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин, темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин баалоо боюнча эрежелерди бузуу.