199-берене. Жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуу
Балдардын же туристтердин уюштурулган топторун ташуу эрежелерин бузуу.
Каттамдык такси катары же шаар аралык же болбосо эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууларда пайдаланылуучу транспорт каражаттары менен ташылуучу адамдардын санына карата талаптарды айдоочунун бузуусу, ошондой эле айдоочуда жүргүнчүлөрдү ташуу келишими, же болбосо каттамдын паспорту болбогондо.
Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууда «Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо.
Айдоочулардын иштөө же эс алуу режимин бузуу.
Айдоочунун ар бир кезмети сайын рейске чыгар алдындагы медициналык кароодон өтүү же рейске чыгар алдындагы транспорт каражаттарынын техникалык абалын контролдон өткөрүү бөлүгүндө жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуусу.
Жеңил таксинин айырмалоочу шарттуу белгилери жок бөлүгүндө жеңил такси менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүктөрүн ташуу жана жеңил таксилер менен автобекеттердин жана автостанциялардын аймагынан тышкары шаар аралык жана эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуу (диспетчердик кызматтын тапшырыгы боюнча ташуулардан тышкары) эрежелеринин талаптарын бузуу.
Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин башка талаптарын бузуу.
Муниципалдык коомдук транспортто жол кирени жана жол жүгүн ташуу үчүн акы төлөбөө, ага тете шаардык коомдук транспортту пайдалануу эрежелерин бузуу.