200-берене. Эл аралык автомобилдик ташуу эрежелерин бузуу

1-бөлүк

Транспорт каражаттарын каттаган мамлекетти таанытуучу белгилери жок эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу.

Жеке жактар
3 000 сом
2-бөлүк

Эл аралык автомобилдик ташууну контролдук түзүлүш (тахограф) жок, жандырылбаган же бузук тахограф менен, ага тете айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин чагылдырган каттоо баракчаларын (тахограммдарды) жүргүзүүсүз же алар жок учурда жүзөгө ашыруу.

Жеке жактар
3 000 сом
3-бөлүк

Эл аралык каттамда жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда кыймылдын белгиленген каттамынан четтөө.

Жеке жактар
5 500 сом
Юридикалык жактар
17 000 сом
4-бөлүк

Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү эл аралык үзгүлтүксүз эмес ташууларды жүзөгө ашырууда жүргүнчүлөрдүн тизмеси жок болсо.

Жеке жактар
5 500 сом
Юридикалык жактар
17 000 сом
5-бөлүк

Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүүгө уруксатсыз же атайын уруксатсыз, ташуунун түрүнө туура келбеген уруксаттар менен эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу.

Жеке жактар
20 000 сом
Юридикалык жактар
65 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо же Мамлекеттик чек ара аркылуу андан ары жүрүүсүнө тыюу салуу
6-бөлүк

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ташуучуларын кошпогондо, ташуучунун эл аралык автомобилдик ташууларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда автомобилдик ташууну жүзөгө ашыруусу, ошого тете Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ташуучуларынын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу шарттарын сактабоо.

Жеке жактар
20 000 сом
Юридикалык жактар
65 000 сом
7-бөлүк

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин транспорттук (автомобилдик) контролдоочу ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилүүчү кабарламаны аткарбастан жана эсепке алуу талонусуз, эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле кабарламада көрсөтүлгөн каттамдан четтөө.

Жеке жактар
20 000 сом
Юридикалык жактар
65 000 сом
8-бөлүк

Чет өлкөлүк уруксат бланктарын ата мекендик ташуучу тарабынан башка ата мекендик ташуучуга пайдалануу үчүн өткөрүп берүү.

Жеке жактар
10 000 сом
Юридикалык жактар
30 000 сом
9-бөлүк

Чет өлкөлүк ташуучулардын Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык автомобилдик ташууларды толтурулбаган уруксат бланктары менен, же болбосо уруксат бланкында транспорттук контролдоо органынын кызмат адамынын белгилөөсү жок жүзөгө ашыруусу.

Жеке жактар
20 000 сом
Юридикалык жактар
65 000 сом
Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана айып токтотуучу жайга эвакуациялоо же Мамлекеттик чек ара аркылуу андан ары жүрүүсүнө тыюу салуу