«Carcheck»

«Carcheck»
icon 472

Эми, камакка алынган же күрөөгө коюлган унааны сатып алуу тобокелдиги азайды. Унаа сатып алуунун астында, Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызмат көрсөтүү порталы аркылуу, автоунаа боюнча маалыматты тез арада текшерип алса болот.

Текшерүү үчүн portal.srs.kg порталындагы «Транспорт» бөлүмүндөгү «Carcheck» кызматынан унаанын мамлекеттик номерин терүү жетиштүү.

«Carcheck» кызматы унаа жөнүндө акыркы маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет. Унаанын абалы жөнүндө учурдагы чектөөлөр (кепилдикте же камакта), жол эрежесин бузгандыгы боюнча төлөнбөгөн айып пулдун бар экендиги, ээлеринин боюнча маалымат, маркасы жана чыгарылган жылы жазылган модель, кыймылдаткычтын көлөмү, кузовунун түсү жана унаанын оң же сол рулдуулугу боюнча маалыматтарды билсе болот.

Бул кызмат өлкөнүн санариптештирүү концепциясын ишке ашыруунун алкагында, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан. Кызмат жарандарга акысыз көрсөтүлөт.

«Carcheckтин» мүмкүнчүлүгүнөн пайдалануу үчүн Play Market жана App Storeдон Кызматтын «Услуги ГРС» мобилдик тиркемесин көчүрүп алса жарандарга ынгайлуу болот.

"Carcheck" кызматы 2019-жылдын 1-октябрында ишке берилип, ал аркылуу кыргызстандыктардан 2,5 миллиондон ашуун сурап билүү кайрылуулары түшкөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын portal.srs.kg электрондук кызмат көрсөтүү порталы 2017-жылдан бери иштеп жатат, портал аркылуу жарандардан келип түшкөн 4 миллиондон ашык кайрылуулар иштелип чыккан.

Тэги:

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign