Санарип технологияларды колдонуу автоунааларды каттоо процессин жеңилдетти

Санарип технологияларды колдонуу автоунааларды каттоо процессин жеңилдетти
Автор: Байказы Айтикул уулу    icon 438

Бүгүн борбор калаада «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн базасында биринчи АвтоКТБ ачылды.

Эми унаа ээлери автоунааларды каттоо жана айдоочулук күбөлүк алуу боюнча мамлекеттик кызматтарды кыска убакыттын ичинде ала алышат.

Кызмат көрсөтүүдөгү бардык процесстер автоматташтырылган жана мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдары менен интеграцияланган.

Авто КТБнын расмий ачылышында Кызматтын төрагасы Акын Мамбеталиев: «Кызмат көрсөтүү процесси толугу менен автоматташтырылды, айдоочулук күбөлүктөрдү, автоунаалардын мамлекеттик номурларын берүү, транспорттук каражаттарды каттоодон өткөрүү жана кайра каттоодон өткөрүү процедурасы жөнөкөйлөштүрүлдү, кызмат көрсөтүү убактысы кыскарды. Бул иш чаралар коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгарууга толук шарт түзөт, жарандардын кызмат алуу үчүн ар кандай ортомчуларга кайрылуусуна кажет жок. Мамлекеттик кызматты мыйзам чегинде алууга толук шарттар түзүлдү»-деп баса белгиледи.

Авто КТБ «бирдиктүү терезе» принциби боюнча иштейт, тактап айтканда, жоголгон айдоочулардын күбөлүктөрүн берүү, автоунаалардын мамлекеттик номурларын калыбына келтирүү жол-жобосу жөнөкөйлөтүлгөн жана системалаштырылган, унаа жана анын ээси жөнүндө бардык маалыматтар бирдиктүү базага киргизилген. Эми транспорт каражатынын каттоо документинин, номеринин жоголгону же уурдалгандыгы жөнүндө маалымкаттарды чогултуунун зарылдыгы болбойт.

Авто КТБ күнүнө 400дөн ашуун кардарды тейлейт. Бул жерде сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөрдү бишкектиктер гана эмес, республиканын башка аймактарынан келген жарандар да кайрыла алышат. АвтоКТБнын ишке киргизилиши кезектерди азайтууга жана тейлөө сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берди.

«Авто КТБ ачуу өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында, Мамлекеттик каттоо кызматынын, документтештирүү жана каттоо жаатындагы жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында ишке ашырылды. Жыл аягына чейин Бишкекте дагы бир АвтоКТБун ачуу пландалууда. Ошондой эле, жакынкы арада жарандарга ыңгайлуу болсун үчүн атайын мобилдик Авто тейлөө борборун да ишке киргизебиз. Учурда бул боюнча уюштуруу маселелери каралып жатат» - деп Кызматтын төрагасы баса белгиледи.

Мындан тышкары, айдоочулук күбөлүтөрдү алуу үчүн курсанттар тестирлөөдөн ушул Авто калкты тейлөө борборунда өтүшөт. 

Тестирлөө залы 40 адамга ылайыкталып, камералар коюлган, алардын жардамы менен тестирлөөдөн өтүү процессине көзөмөл жүргүзсө болот, ошондой тиешелүү техникалар жана курсанттардын өздүгүн аныктоочу камералар менен жабдылган. 

Кызматтын башчысы Акын Мамбеталиев белгилегендей, Мамлекеттик каттоо кызматы калкка ыңгайлуу шарт түзүү максатында бир катар автоунаа тейлөө борборлорун, атап айтканда: Каракол шаарында, Талас шаарында жана Чүй облусунун Панфилов районунда ачууну пландаштырылгандыгын билдирди.

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign