ЖКККББ таксисттердин эс алуу режимине көзөмөл жүргүзүүнү пландоодо

Фото: Кабар

ЖКККББ таксисттердин эс алуу режимине көзөмөл жүргүзүүнү пландоодо
icon 321

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпысынан райондор жана облустар аралык жүк ташуу менен алектенүүгө 16 миң адам ыктыярдуу патент алган. Бул тууралуу Бишкектеги басма сөз жыйынынын жүрүшүндө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымында, таксисттердин ишинин системасына лицензия берүүнү өзгөртүү пландалууда. Эң негизги максаттардын бири - өлкөнүн жолдорунда жол кырсыктарынын, ошондой эле өлүмдөрдүн санын кыскартуу болуп саналат.

Саркулов белгилегендей, ошондой лицензиялоо жолдо уктап кеткен таксисттердин санын азайтат.

“Лицензиялоонун эң башкы милдети - таксисттердин эс алуу режимин контролдоо болуп саналат. Лицензиялоо эрежелерин иштеп чыгууда муну эске алабыз. Жумуш убактысына лимит коюлат - иштөө жана эс алуу.

Жолдорго мобилдик посттор орнотулат, ЖКККББ кызматкерлеринде айдоочунун канча убакыт жана кайда иштегендигин текшерүү үчүн мобилдик базасы бар планшеттер болот”, - деди ал.

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign