Светофордо күйүп-өчүп турган жашыл сигнал учурда жүрүү

Котормочу: Кубан К    icon 687

Кесилиш – жолдун эн коркунучтуу жери. Авариялык кырдаалдардын көпчүлүгү светофордун жарык менен берген сигнал өзгөргөн учурларда болот.

Жол кыймылынын эрежелеринде 6.2 пунктта мындай делет: «күйүп-өчүп турган жашыл сигнал жүрүүгө уруксат берет».
Бирок күйүп-өчүп турган жашыл сигнал болгондо кесилишке жүрүп баштасак, ал эми кызыл сигнал болгондо бүтүрсөк – бул жол эрежесин бузууну билдиреби?

Жол кыймылынын эрежелеринде 13.7 пунктта «Светофордун уруксат берген сигналынын учурунда кесилишке чыккан айдоочу кесилиштен чыккандан кийинки светофордун сигналдарына карабастан белгиленген багытта кетүүгө тийиш» - деп жазылган.

Ошол үчүн күйүп-өчүп турган жашыл сигнал болгон учурдарда жүрүү жол эрежесин бузууну билдирбейт. Сары же кызыл сигналдар күйсө дагы, силер баштаган маневрди аягына чейин бүтүргөнгө уруксат берилет.

Келигиле бир мисал карап чыгалы.

Биз светофордун уруксат берилүүчү сигнал болгондо кесилишке чыгабыз. Бирок жашыл күйгөнгө чейин жетишпейбиз. Буга карабай биз маневр жасоо боюнча жүргөндү уланта беребиз. Бирок бизди инспектор токтотуну чечет. Биз жол эрежесин бузган жокбуз, ошондуктан бизди токтоткон инспекторго муну дароо эле түшүндүрөбүз.

Жол-транспорт кырсыгы болбош үчүн ЖКЭде 13.8 пункт бар, ал жакта: «Светофордун уруксат берген сигналы күйгөн учурда айдоочу кесилиштеги кыймылын актап жаткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү» - деп жазылган.

Айдоочу башка айдоочулардын маневр жасаганын бүтүрүшүн күткөнү милдеттүү, бирок муну күтпөш керек.

Дагы бир маанилүү жери: күйүп-өчүп турган жашыл сигнал сөз-сүз кесилишке чыгууга дегенди билдирбейт. Ал акырын айдаганды жана өз убагында токтоону билдирет.

Албетте, айдоочу күйүп-өчүп турган жашыл сигнал болгондо жүрсө болот, бирок көптөгөн учурларда бул коопсуз.

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign