4. Милдеттендирүүчү

4.1.4

4.1.4 "Түз же оңго кетүү"


Расмий текст:

4.1.1 "Түз кетүү", 4.1.2 "Оңго кетүү", 4.1.3 "Солго кетүү", 4.1.4 "Түз же оңго кетүү", 4.1.5 "Түз же солго кетүү", 4.1.6 "Оңго же солго кетүү" белгилери. Белгилерде жебелер менен көрсөтүлгөн багыттарда гана кыймылдоого уруксат берилет. Солго бурулууга уруксат берүүчү белгилер артка кайрылууга дагы уруксат беришет.

4.1.1-4.1.6 белгилери маршруттук транспорт каражаттарына карата колдонулбайт.

4.1.1 - 4.1.6 белгилеринин аракети анын алдында белги орнотулган жүрүүчү бөлүктөрдүн кесилишине таркатылат.

Жолдун участогунун башталышында орнотулган 4.1.1 белгисинин аракети жакынкы кесилишке чейин таркатылат. Белги оңго короолорго жана жолго жакын жайгашкан башка аймактарга бурулууга тыюу салбайт.


Кошумча маалымат:

Белгилерин белгидеги жебелер менен көрсөтүлгөн багыттарда жүрүү бөлүктөрүнүн жакынкы кесилишинде жүрүүгө уруксат берүү үчүн, ал эми 4.1.3, 4.1.5, 4.1.6 белгилерин - артка кайрылууга уруксат берүү үчүн дагы колдонушат.

4.1.1-4.1.6 белгилери маршруттук транспорт каражаттарына карата колдонулбайт.

icon 190

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign