КР ЖКЭ 1-тиркеме
6.10.2 "Багыттын көрсөткүчү" белгиси. Маршрут пункттарына кыймылдын багыттары. Белгилерде аларда белгиленген объекттерге чейинки аралык (км) көрсөтүлгөн болушу, автомагистралдын, аэропорттун символдору жана башка пиктограммалар тартылышы мүмкүн.
Калктуу конуштун сыртында орнотулган 6.9.1, 6.9.2, 6.10.1 жана 6.10.2 белгилеринде жашыл же көк фон көрсөтүлгөн калктуу конушка же объектке карата кыймыл тиешелүүлүгүнө жараша автомагистралда же башка жолдо жүзөгө ашырыла тургандыгын билдирет.
Калктуу конуштарда орнотулган 6.9.1, 6.9.2, 6.10.1 жана 6.10.2 белгилеринде жашыл же көк түстөгү фон менен коюмдар көрсөтүлгөн калктуу конушка же объектке кыймыл ушул калктуу конуштан чыккандан кийин тиешелүүлүгүнө жараша автомагистраль же башка жол менен жүзөгө ашырыларын билдирет; белгинин ак фону көрсөтүлгөн объект ушул калктуу конушта тургандыгын билдирет.