КР ЖКЭ 1-тиркеме
4.1.1 "Түз кетүү" белгиси. Белгилерде жебелер менен көрсөтүлгөн багыттарда гана кыймылга уруксат берилет. Солго бурулууга уруксат берүүчү белгилер артка бурулууга да уруксат берет.
Конкреттүү кесилиште кыймылдын белгиленген багыттарына ылайык келген жебелердин өзгөргөн конфигурациясы менен белгилер колдонулушу мүмкүн.
4.1.1–4.1.6 белгилери маршруттук транспорт каражаттарына карата колдонулбайт.
4.1.1–4.1.6 белгилери анын алдында белги орнотулган жүрүүчү бөлүктөрдүн кесилишине колдонулат.
Жолдун участогунун башталышында орнотулган 4.1.1 белгиси жакынкы кесилишке чейин колдонулат. Белги оңго короолорго жана жолго жакын жайгашкан башка аймактарга бурулууга тыюу салбайт.