КР ЖКЭ 1-тиркеме
1. Эскертүүчү белгилер
Эскертүүчү белгилерди айдоочуларга коркунучтун мүнөзү жана жолдун кооптуу бөлүгүнө жакындагандыгы, аны менен жүрүү тийиштүү жагдайда чараларды көрүү керектиги жөнүндө маалымдоо үчүн колдонушат.
Эскертүүчү 1.1, 1.2, 1.5-1.33 белгилери калктуу конуштардан тышкары 150-300 м аралыкта, ал эми калктуу конуштарда - кооптуу участок башталганга чейинки 50-100 м аралыкта орнотулат. Зарыл болгон учурда белгилер башка аралыкта орнотулушу мүмкүн, бул учурда алар 8.1.1 табличкасында көрсөтүлөт.
1.13 жана 1.14 белгилери 8.1.1 табличкасы жок төмөн түшүү же көтөрүлүү башталаардын алдында түздөн-түз орнотулушу мүмкүн, эгерде төмөн түшүүлөр жана көтөрүлүүлөр биринин артынан бири жайгашкан болсо.
1.25 белгиси жүрүүчү бөлүктө кыска мөөнөттүү иштерди жүргүзүү учурунда 8.1.1 табличкасы жок иштерди жүргүзүү жерине 10-15 м чейинки аралыгында орнотулушу мүмкүн.
1.32 белгиси тыгын пайда болгон жол участогун айланып өтүү мүмкүн болгон убактылуу катары же кесилиштин алдында өзгөрүлмөлүү сүрөтү бар белгилерде колдонулат.
1.35 белгиси кесилиштин чегинде орнотулат. Эгерде татаал кесилиштерде жол белгисин кесилиштин чегинде орнотуу мүмкүн болбосо, ал кесилиштин чегине чейинки 30 метрден алыс эмес аралыкка орнотулат.
Калктуу конуштардан тышкары жерлерде 1.1, 1.2, 1.9, 1.10, 1.23 жана 1.25 белгилери кайталанат. Экинчи белги кооптуу участок башталганга чейинки 50 м ден кем эмес аралыкка орнотулат. 1.23 жана 1.25 белгилери кайталанат жана калктуу конуштарда кооптуу участок түздөн-түз башталганда орнотулат.
Жол иштери жасалган жерлерде орнотулган 1.8, 1.15, 1.16, 1.18-1.21, 1.33, 2.6, 3.11-3.16, 3.18.1-3.25 белгилериндеги сары фон бул белгилер убактылуу экендигин билдирет.
Эгерде убактылуу жол белгилеринин жана стационардык жол белгилеринин маанилери бири бирине каршы келсе, айдоочулар убактылуу белгилерди жетекчиликке алууга тийиш.
Эскертүү. Пайдаланууда турган МАМСТ Р 52289-2004 боюнча белгилер аларды белгиленген тартипте МАМСТ Р 52289-2019 боюнча белгилерге алмаштырганга чейин күчүндө болот.
Төмөнкү сандык белгилөөлөргө ээ болгон жол белгилери: 1.13, 1.14, 3.11-3.16, 3.24, 3.25, 4.6, 4.7, 5.15.3, 5.15.8, 5.31, 5.32, 6.2, 6.3.2, 6.9.1, 6.10.1, 6.12, 6.13, 6.14.1, 6.14.2, 7.3, 7.4, 7.21, 8.1.1-8.1.4, 8.2.1-8.2.6, 8.5.4-8.5.7, 8.9, аларда көрсөтүлгөн цифралар реалдуу маанилерден (шарттардан, маалыматтардан ж.б.у.с.) жана ушул участоктогу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгынан улам өзгөрүшү мүмкүн.