КР ЖКЭ 1-тиркеме
3.20 "Озуп өтүүгө тыюу салынат" белгиси.
Жай жүрүүчү транспорт каражаттарынан, көлүк арабаларынан, велосипеддерден, мопеддерден жана капталындагы чиркегичсиз эки дөңгөлөктүү мотоциклдерден тышкары бардык транспорт каражаттарынан озуп өтүүгө тыюу салынат.
3.16, 3.20, 3.22, 3.24, 3.26-3.30 белгилери колдонулган зона белги орнотулган жерден андан кийинки жакынкы кесилишке чейин, ал эми калктуу конуштарда кесилиш жок болгон учурда – калктуу конуш бүткөнгө чейин жайылтылат. Белгилердин аракети жолдорго жакын аймактардан чыккан жерлерде жана талаа, токой жана башка экинчи даражадагы жолдор менен кесилишкен жерлерде үзүлбөйт.
Белгилер колдонулган зона төмөнкүлөр үчүн азайтылышы мүмкүн: 3.20, 3.22, 3.24 белгилери үчүн алардын аракетинин аягында тиешелүү түрдө 3.21, 3.23, 3.25 белгилерин орнотуу же 8.2.1 табличкасын колдонуу менен.