КР ЖКЭ 1-тиркеме
3.22 "Жүк ташуучу автомобилдерге озуп өтүүгө тыюу салынат" белгиси. Уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 т жогору болгон жүк ташуучу автомобилдерге бардык транспорт каражаттарынан озуп өтүүгө тыюу салынат.
3.16, 3.20, 3.22, 3.24, 3.26–3.30 белгилери колдонулган зона белги орнотулган жерден андан кийинки жакынкы кесилишке чейин, ал эми калктуу конуштарда кесилиш жок болгон учурда – калктуу конуш бүткөнгө чейин жайылтылат.
Белгилер колдонулган зона төмөнкүлөр үчүн азайтылышы мүмкүн: 3.20, 3.22, 3.24 белгилери үчүн алардын аракетинин аягында тиешелүү түрдө 3.21, 3.23, 3.25 белгилерин орнотуу же 8.2.1 табличкасын колдонуу менен.